Күмөндөр Абылов, КР Эл артисти: “Азыркы куудул, ырчылардын баары жетим балдардай...”


-- Күмөндөр агай, “Жол” тасмасына тартылдыңыз. Тасмадагы ролуңуз өзүңүздүн купулуңузга толдубу?
-- Эми чынын айтсам, жаман болгон жок. Бирок, азыркы кезде элдин табитине карап көп эле тасмалар тартылып жатпайбы. Айтайын дегеним, азыркы кино менен алектенгендер, көбүнчө жаштар комедия жанрына басым жасап жатышканын көрүүгө болот. “Көрүүчү тажап кетпесин” деген таризде окуялар тез-тез алмашып тургандай кылып, тасманы тартуу убактысын колдон келишинче кыскартууга аракет кылгандарын көрүп жүрөбүз. Тасмалардын дээрлик баарын күнү-түнү тартып, он күндүн ичинде, айрымдарын бир жумада тартып бүтүп койгондору таңгалууну жаратат. Бул жакшы көрүнүш. Арендага алган техникаң арзанга түшөт, актёрлордун тартылуу күнү кыскарып, группанын ичкен-жеген чыгымы да азаят. Анткен менен кино элди ээрчибей, элди ээрчитип, мекенин сүйүүгө, улуттук ар-намысын коргоого тарбиялап, жат көрүнүштөрдөн арылтууга багытталышы керек деген ойдомун. Бизде азыр фестивалдарга катышып, жогорку байгелүү сыйлыктарды жеңип келген кээ бир автордук тасмалар да башка жактын кинолоруна салыштырмалуу өтө эле арзан, анан кыска мөөнөттө тартылат. Режиссёрлорубуздун айтымдарында, тарткан тасмасынын бюджетин башка элдерге айткандан уялышып, кымбаттатып айтышса да, арзан экенине таңкалышат экен. Айтайын дегеним, сиз сураган “Жол” тасмасына келсек, кеп мындай. “Атаңдын көрү! Шашпай тартканыбызда, мынабу жерин минтип, тигил жерин тигинтип койсом, мындан да жакшы болмок экен!” деген жерлер бар. Бир чети, ушундай чукул мөөнөттө тасма жаратуу жанагындай жагдайлары болгон менен режиссёрдун, актёрдун, оператордун да тажрыйбасын өнүктүрүп, өстүрөт. Такшалтат.
-- Акыркы кезде актёрлукка басым жасап жаткандайсыз. Кыргызстанда сатираны түшүнгөндөр азайып кеттиби, же кысымдар кооптондурабы? Деги эле куудулдук өнөрдү, сатираны жыйыштырып койдуңузбу?
-- Сатираны жыйыштырайын деген оюмда да жок. Жогору жактан кысым да болгон жок. Бул жөн гана учурдагы коомдун кубулушуна жараша болгон көрүнүш экен. Азыр кыргыз күлкүсү катуу жапа чегип турат. Себеби, союз убагындагыдай болбой, сатирик, акын, жазуучу, журналисттер менен куудулдардын байланышы караманча үзүлгөн. Куудулдар ошол себептен өздөрү жазымыш этип, чампалап алып чыгып жүрүшөт. Эгер чычканды да касапчы союп, мурдагыдай сатириктер жазып келип куудулдарга “муну көрчү, меникин аткар!” деп турушса, “Мыскыл жана тамаша” концерттерин баштан-аяк атайын режиссёр-постановщик коюп, композитор ага музыка жазып, сүрөтчү декорациясынан костюмуна чейин карап чыкса, кыргыз сатирасы жана күлкүгө болгон элдин табити азыркыдан алда кайда бийиктейт эле. Антпесе, азыр сатирик жазуучулар такыр эле жок эмес, керек болсо толтура. Бирок, калем акы төлөнбөгөнү үчүн алардын жазгысы да, куудулдарга бергиси да келишпейт. Ошондуктан мен көп айтам, акындардын “Айтыш” коому”, манасчылардын “Манас” коому сыяктуу “Күлкү” коомун түзгөнгө меценат болсо, заңгыраган имарат салынып, эстрада театры ачылса, куудулдардан баштап, ырчылардын, музыканттардын баарын тандоодон өткөрүп, ошол театрга кабыл алып, мамлекеттин карамагында иштесе, режиссеру, сүрөтчүсү, адабий бөлүм башчысы башында туруп, адистери толукталса, мен эле эмес, жаштардын да профессионалдык деңгээли бийиктеп, кыргыз күлкүсү жаңы тепкичке чыгат эле. Сахнага ылайыксыз бейадеп, бирөөнүн адамдык парасатына шек келтиргендер, ашыкча маскара кылгандар да болбойт эле. Азыр куудул, ырчылардын баары жетим балдардай – өз киндиктерин өздөрү кесишип, тойлордо, байлардын иш-чараларында жүрүшөт. Менин концерт койбой калганым да ушуга байланыштуу. Кээде концертиңди жакшы эле алыңдын келишинче, ар бир номердин маанисине жараша театралдаштырып даярдайсың. Анан эле концерт коё турган күнү артисттериңдин көбү убагында келбей, кечиге башташат. Бир кезде бирөө телефон чалып, “байке, мен тойдо элем, мени артка жылдырып коюңузчу, барып калам” десе, концерттин аягында чыкчу дагы бирөө жаныңды койбой, “байке, мени эртелетип коё берип коюңузчу, тоюм бар эле” деп, андан өткөн “концерт” бери жакта калат да, даярдаганыңдын баары каякка кеткенин билбей, баш-аягыңды таппай айлаң куруйт. Анүстүнө концертти элдин көбү тойдон, интернеттен көрүп алышат экен. Мындан бир гана филармония концертин кандай даярдашса, так ошондой кылып коё алышат. Анткени, баардык катышуучулары филармониянын штаттагы артисттери. Эч кимиси тойго, же башка жакка кете албайт.
-- Киного тартылып жатканда толкундануу көп болобу же сахнага чыккандабы?
-- Кино канчалык жакшы чыккан күндө да, биринчи жолу эл менен кошо чогуу көрүп жатканда гана толкунданам. А спектакль менен сатирага жандуу катышкандыктан болсо керек, ар бир чыккан сайын толкунданып, жүрөгүм туйлап, жакшы сезимдер жаралат. Ошентсе да Лениндин “баардык көркөм өнөрдөн биз үчүн эң маанилүүсү кино” дегениндей, жакшы кинону бүткүл дүйнө көрүп, дили тазарып турат турбайбы...
-- Талантты куудулдук өнөр көбүрөөк талап кылабы же актёрлук кесиппи?
-- Экөө тең талантты көп талап кылат. Талант ар бир адамга табият тарабынан ар кандай өлчөмдө берилет эмеспи. Антсе да талантка ар бир адам абайлап мамиле жасап, бапестеп багып, таптап, өстүрүп туруусу керек. Ал үчүн куудул да, актёр да актёрдук чеберчиликти окуп, билим алышы кажет. Куудулдун актёрдук чеберчилиги да күчтүү болушу шарт. Себеби, ал аткарган интермедия, сатира, монологдор да кичинекей чыгарма болуп эсептелет. Анткени, алардын да айтайын деген ою бар, башы-аягы, кульминация, связка-развязка деген драматургиянын мыйзамдарына ылайык өз атрибуттарын эстен чыгарбайлы. Аларды аткара турган артист да комикалык амплуадагы таланттуу актёр-импровизатор болушу керек. Ошондуктан мен: “Куудулдар да сөзсүз актёрдук билим алып, режиссердун колунан өтүшү керек. Жок эле дегенде актёрлукту сырттан окуп алышса жакшы болмок” деп дайыма какшаганымдын себеби да ошондон.
-- Күмөндөр агай, чынын айтыңызчы, жүрөгүңүзгө кино менен театрдын кайсынысы көбүрөөк жакын?
-- Кинодо бир ирет ойноп койсоң болду, сен жокто деле эл көрө берет. Аны тартып жатканда ойдогудай ойной албай калсаң, экинчи, үчүнчү, төртүнчү дубль деп ойдогудай ойногончо тартып алсаң болот. А театрда бир дем менен, баштан-аяк бир да жаңылбай ойношуң керек. Эмгекти элге жандуу ойноп жеткиресиң. Андан да жакшы жери: ролуң күндөн-күнгө ойногон сайын такшалып, чырайына чыга турганы белгилүү! Бирок, кино сыяктуу көпкө чейин күнү бүгүнкүдөй сакталбаганы өкүндүрөт. Ошентсе да мага театр, сахна жакыныраак...
"Азия Ньюс" гезити











