Биринчи сүйүүмдү капысынан кезиктирип, бактылуу ирмемдерге кабылдым


Менин өмүрүмдүн эсте калган эң кызыгы, бул алты жашымда мектепке барып, тармал чач, сары баланы сүйүп калганым болду. Бир партада отуруп, сабакка барсак да жетелешип барып, бири-бирибизди күтүп, кайра кол кармашып класска чогуу кирчүбүз. Кийин эле ар жерлерде, парталарда “А+К=С” деген жазуулар көбөйө баштады. Аны окуганда экөөбүз тең уялып, бири-бирибизден алыстай баштадык. Ошентип күндөр айга, айлар жылга алмашып, биз бой тартып, 8-классты бүтүрдүк. Отуруш да уюштурдук. Ал бийге тартса, жүрөгүм кабынан чыга дүкүлдөп, аны биринчи жолу көргөндөй кызарып турдум. Баягы биздин кол кармашканыбызды билген классташтарыбыз астыртан жылмайып күлүшүп, карап калышты. Бийден соң терезенин алдында кыздар менен өз ара сүйлөшүп турсам, байкоосуздан артымдан бекем кучактай өзүнө бурду да, бетимден катуу өөп, бөлмөдөн жүгүрүп чыгып кетти. Бетим чоктой кызарып, мен да бөлмөдөн атып чыгып, үйүмдү көздөй жиндидей жүгүрүп кетип бараттым. Үйдөгүлөр билип алгандай өзүмөн-өзүм уялганымды айтпа. Сөз менен түшүндүрө албай турган бир керемет сезимди азыр да таппай келем. Ал бала азыр келип, ошентип өпсө кантмекмин? Кээде ойлогондо өмүрүмдө бир гана ошол тармал чач баланы өспүрүмдүк баёо сезимим менен сүйгөн экенмин...
Жакында капысынан ЦУМдан оро-пара бет маңдай кезигишип калдык. Жүрөгүм дагы баягыдай, бийге тарткандай кабынан чыга дүкүлдөп, сүрдөп кеттим. 45 жыл көрүшпөптүрбүз. Бирок бири-бирибизди көз ирмебей тааныдык. Жылмайганы, чачынын тармалы, бетиндеги калы дагы деле ошол бойдон өзгөрүүсүз калыптыр...
Колун сунса баягы, баягыда атайын бир жакка барып жасаткан “А+К=С” деген татуировкасы көзүмө урунуп, астырдан астейил жылмайып, колумду берип, коштошуп кете бердим...











