Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алмаз Шабданов: “Азык-түлүк баалары кышка жакын мындан да жогору көтөрүлөт”

Алмаз Шабданов: “Азык-түлүк баалары кышка жакын мындан да жогору көтөрүлөт”

19-август, 18:30
2 161 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда быйылкы жылдын алгачкы жарымында инфляциянын деңгээли 9,6 пайызды түздү. Бул тууралуу улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат. Өлкөдө жарым жылда эң көп алкоголдук ичимдиктердин жана тамекинин баасы өсүп, 12,9% жогорулаган. Тамак-аш жана алкоголсуз ичимдиктер 12,6% кымбаттады.

Азык-түлүктөрдүн ичинен кумшекер 41%, ун 25,5%, мөмө-жемиш 20,7%, сүт азыктары 16,7% кымбаттаган.

-- Кыргызстанда жыл башынан бери азык-түлүк 12% кымбаттады. Күзүндө кандай абал күтүлөт?

-- Ооба, бул дүйнө жүзүндө болуп турган көрүнүш. Инфляциянын өсүүсү бизде гана эмес, өнүккөн өлкөлөрдө да болуп турат. Бүгүнкү күндө көп жылдык рекорддордун баары инфляция боюнча жаңыланып жатат. Ошондуктан күзгө чейин инфляциянын токтоосун же азаюусун күтпөйбүз, азык-түлүк баалары кышка жакын мындан да жогору көтөрүлүшү мүмкүн. Себеби, логистикалык байланыштардын баары бүгүнкү күндө үзүлүп жатат. Ошондуктан чет мамлекеттен келген азык-түлүктүн, товарлардын баасы кескин түрдө көтөрүлүп кетиши толук мүмкүн. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер