“Сары ооз балапан” Аскар Өмүракунов тайгак кечүүдө шагы сынып калчудай
“Замандаш” партиясын Мухтар Өмүракунов кагылып-согулуп жүрүп түптөгөн. Тырышып жүрүп. Саясатка аттанган амбициясы үчүн Бакиевдин учурунда камалып да чыгып, улам телчигип, жаңыдан күрөш жолуна аттанганда күтүүсүз кырсыктан каза тапкан. Андан бери он жылдан ашык убакыт өттү. “Замандашты” улам бир “алдаркөсө” минип, аламан күрөштөргө аттанышканы менен жыйынтык чыгара алышпады. Эми Мухтар Өмүракуновдун уулу Аскар Бишкек шаардык кеңешине экинчи ирет партиясын алып чыкты. Амбициясын агытып, атанын жолун улантууга ашыкканы жакшы, бирок тажрыйбасы жетпегенин кантебиз? “Сары ооз балапан” сыңары тар жол, тайгак кечүүдө четке сүрүлүп, шагы сынып калбайбы? Айланасында алысты көрө билген, саясый анализди билген жан болбосо, мындай дымактан не пайда?
"Азия Ньюс" гезити