Ашмалтайы чыккан Чүй ОИИБни Сталбек Рахманов оңдосо...
Акыркы кездерде ИИМдин булганган жетекчилери боюнча коомчулукта терс пикирлер арбып баратканы байкалууда. Биз да тазаланууга салым кошуп, ак-караны ажыратууга, чындыкты жазууга аракет кылып келебиз. Бул саам да учкай салыштыруу менен көзүбүздү ачып көрбөйлүбү?..
Чүй ОИИБде, Бишкек ШИИБде бир катар жетекчилик кызматтарды аркалаган Сталбек Рахмановдун тазалыгын, кесипкөйлүгүн баалашкан коллегалары жана мурда кол астында иштеген оперлери сураныч келтиришип, коңгуроо кагып атышкан экен. Ишине так, билимдүү кадрды өздүк курам эч убакта унутпайт тура. Бизге жеткен кабар боюнча, Сталбек Рахмановду Чүй ОИИБ начальнигине дайындоо сунушу айтылууда. Себеби, ал жактагы жетекчи Дамирбек Исаков орун басарлары менен “ийин казган суурлардай эле дүңүрөңдөшүп”, тескери багытта кетишкенин жар салышууда. Бир уучка сыйбаган жетекчилерден жадап бүтүшүптүр. Ар кандай себептер менен кызматкерлери камалып эле келатат. Эмне кылуу керек? Эгерде аталган кызматка Сталбек Рахманов дайындалса, тартип, коопсуздук, милициянын кадыр-баркын көтөрүү вазыйпалары так аткарылары болжонууда. Каарманыбыздын башынан көптөгөн сыноолор өткөн. Бир мисал келтирсек, Сталбек мырза Бишкек ШИИБни оор учурда жетектегени, митинг, пикеттерди мыйзамга ылайык жайгарганы, Кашкар Жунушалевге окшоп ок чыгарбай эле таратканы маалым. Асман-жердей салыштыруу да...
А баса, министрдин айланасындагы айрым “гаңгирбаштар” копшолушуп, “Азия Ньюс” гезити ИИМди сого берет, милициянын жетекчилерин сындайт” дешет экен. Эми арты таза эмес чиновниктер үйүгүшүп жүрүшсө, албетте, көзгө сайгандай сөз жазабыз. Бирок, “медалдын экинчи бети бар” дегендей, ИИМдин татыктуу полковниктерин да кылган иштерине жараша адилеттүү пикирибизди билдирип, оң таризде баа берүү да байма-бай болот. Мындайча айтканда, жакшысын да, жаманын дагы ачыкташ керек. Жабык коомдо баары бүксүйт, ачык-айкындуулук орун алса, анда тазалануу жүрүп турат.
"Азия Ньюс" гезити