Акыркы кабарлар
» Саясат » Министр Аяз Баетов кыргыз тилине караманча кайдыгерби?
Министр Аяз Баетов кыргыз тилине караманча кайдыгерби?
14-октябрь, 20:54


“Улут наркы – улуу тил” деген кеп бар. Бирок, бул сөздүн баркына жете албай келебиз. Эмесе, суроо салалы. Адилет министри Аяз Баетов кыргыз тилине карата караманча кайдыгер мамиле жасап, анысы аз келгенсип, келекелеген кылыгына эмне деп баа бериш керек? «Балкондо» чоңойгон Аяз Батыркулович министрликте жыйындарды орус тилинде алып барып, кыргызча сүйлɵгɵндɵрдү кемсинткени жалганбы? Эгерде эне тилге күйбөсө, мамлекеттин бийик бутагына «кооз чымчык» кылып отургузуунун канчалык зарылдыгы бар? Коомчулук бул чиновникке баа бериши керек го?! Эгер мамлекеттин мыйзамдарын сыйлабаса, анда Баетовдон дагы кандай жакшылыкты күтсөк болот?
"Азия Ньюс" гезити











