Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алмаз Тажибай: «Жакшы сүйлөйт, өзүбүздүн бала, сулуу, жаш экен» деп тандоого болбойт»

Алмаз Тажибай: «Жакшы сүйлөйт, өзүбүздүн бала, сулуу, жаш экен» деп тандоого болбойт»

27-ноябрь, 22:56
1 287 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Үгүт иштери соңуна чыгып калды, бул убакытта талапкерлер элдин ишеничине кире адыбы?  

-- Элди саясый маданиятка тарбиялоонун бири – шайлоо. Тилекке каршы, шайлоочулар жана талапкерлер саясый маданияттын негиздерин жакшы билишпейт. Азыр бардык нерсе социалдык тармак аркылуу жүрүп калгандыктан, талапкерлер дагы ушуга көбүрөөк басым жасашты. Ошондуктан саясый идеология жок, болсо дагы ага карама-каршы келет, программалары дагы үстүртөдөн айтылып калат. Көпчүлүк «депутат болом» дегендер мыйзамдарды билишпейт же кайсы бир көйгөйдү чечем деп убада кылганы менен, аны чечүү жолдорун көрсөтө алышпайт. Бул элдин шайлоого катышуу активдүүлүгүнө кедергисин тийгизет. 28-ноябрда  20-30 пайыз шайлоочу катышса жакшы көрсөткүч болот. Элдин мурдагы шайлоого активдүү катышканынын себеби, алардын добуштарын сатып алышчу. «Добуш сатып алам» же «добуш сатам» дегендер аз болгондуктан, катышуу көрсөткүчү да төмөндөйт. Менин пикиримде, талапкерлердин 70 пайызынын программалары угулбай калды. Биринчи фактор – каражаттын жоктугу, экинчиси – мурунку чакырылышта депутат болуп тургандар ЖКдан аймактын көйгөйүн көтөрүп, өкмөттөн аны чечүүнү талап кылуу аркылуу алдын ала эле шайлоочуларды сатып алып койгон. 

-- Шайлоочулар добуш берерде эмнеге көңүл бурушу керек?

-- Албетте, партиянын, талапкерлердин программасына карап добуш бериш керек. Талапкерлер программасына «билим берүүнүн көйгөйүн чечебиз» деп жазса, аны чечүүнүн 2-3 жолун так көрсөтүүсү кажет. Муну чечүү механизмдерин гана көрсөтүп тим болбостон, анын кайсы саясый идеологияга байланышы бар экенин да айтканы туура. Маселен, социалисттик партиядан болсо ушуга жараша чечимдери болушу керек. Мындан тышкары, талапкерлер өзүнүн тармагы боюнча мыйзамдарды жакшы билиши шарт. Көпчүлүгү үгүт иштерине динди аралаштырып, мектепке жоолук салынып барууга үгүттөп же «жоолук салууга тыюу салган мектеп жетекчилерин жоопко тартабыз» деген жалындуу сөздөрдү колдонушту. Бул туура эмес. Себеби, мындан элдин жашоосу жакшырып кетпейт. «Сен Жогорку Кеңешке баратасың жарандардын турмушун оңдоого кандай салым кошосуң? Эмне жасай аласың? Мугалимдердин айлыгын кантип көбөйтөсүң?» деген конкреттүү суроолорго так жооптор берилиши кажет. Сабатсыз талапкерлер ушул суроолорго деле дурустап жооп бере алышпайт. Ошондуктан элди талапкерлердин куру сөз, популисттик билдирүүлөрүнө ишенбөөгө чакырат элем. «Жакшы сүйлөйт, өзүбүздүн бала, сулуу, жаш экен» деп тандоого болбойт. Кесипкөй парламентти шайлап алсак, өзүбүз үчүн жакшы. Анткени, Жогорку Кеңеш эң негизги, маанилүү аткаруу бийлиги, сот системасы менен катар турган бийлик бутагы. Келечектеги жашоонун жакшырышына түздөн-түз тийешеси бар. 

-- Программасы менен өзгөчөлөнгөн партияны же талапкерди көрө алдыңызбы?

-- 21 партиянын интернетке чыккан программаларынын ичинен 10го жакынынын программасын окуганга жетиштим. Мазмуну окшош, азыр модага айланган сөздөр. Мисалы, Садыр Жапаров «жашыл экономика» десе, бардыгы аны программасына кошуп алышкан. Бийлик эмне десе ошого окшоштуруп, заманбап аталыштарды колдонушкан. «Жашыл экономика» дешкени менен, анын булактарын, кайра калыбына келүүчү энергия булактарынын түрлөрүн билишпейт. Анын баасы канча, канча каражат кетет, кандай көлөмдө электр энергия өндүрө алат – бул боюнча маалыматтары жок. Аны ким кылат, каражат барбы – бул да түшүнүксүз. Айрымдары  чет өлкөлүк, айрыкча Россиядагы партиялардын, талапкерлердин программаларын көчүрүп алышкан. Анткени бизде программага эч ким көңүл бурбайт, окубайт. Ошон үчүн талап дагы жок. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер