Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мавлян Аскарбеков, оппозиционер: “Өлкөдө кыйналып жүргөндөр азайбаса, анан кайдагы өзгөрүү, өнүгүүнү айтабыз?”

Мавлян Аскарбеков, оппозиционер: “Өлкөдө кыйналып жүргөндөр азайбаса, анан кайдагы өзгөрүү, өнүгүүнү айтабыз?”

07-сентябрь, 19:41
325 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Камалып кетүүдөн коркушуп, бийликке сын-пикир айтуудан интеллектуалдык күчтөр, саясатчылар айбыгып калыштыбы? Оппозициясы жок өлкө өнүгөбү? Элдин маанайы кандай?

-- Тилекке каршы, коомубузда, анын ичинде саясатчылардан, интеллигенциядан, аксакалдардан, коомдук ишмерлерден калыс сөз эч ким айтпай калды. Баардыгы коркуп, таймануу сезими менен “ооруп” калышты. Айрыкча Жогорку Кеңештин “биз эл мененбиз” деген жаш депутаттарынан үн-сөз чыкпайт. Улуу муундун бир тобу камалып, мандатынан ажырап калса, калган депутаттар кол көтөрүп, кол чапкан менен алек болуп калышты. 

Оппозициясы жок өлкөлөр – Түндүк Корея, Россия Федерациясы, Түркмөнстан, Африка, Тажикстан мамлекеттери. Эгер биз ошол мамлекеттердей болууну кааласак, оппозицияны түп-тамыры менен жоготуп, камашыбыз керек. 

Өнүгүп, бийликте баланс болсун деген өлкөдө сөзсүз сын-пикир айткандар жашашы керек. Оппозиция дагы акыл-эси жайында, конструктивдүү, адекваттуу, тажрыйбалуу болсо. Тилекке каршы, биздеги “оппозиция дегендердин арасында психикалык жактан жабыр тарткандар, бийликти самаган, өз кызыкчылыгын көздөгөндөр, “жалган терин жамынып чыккандар бар. Ошондуктан, ким чыныгы эл тарабында экенин карашыбыз керек. Бийлик тараптан да оппозицияга куугунтуктоо токтошу абзел. Түшүнгөн адамга адекваттуу, конструктивдүү оппозиция бийликтин союздашы, кеңешчиси, оппоненти болот. Бул өтө маанилүү.

-- Сынчыл саясатчылар мурункудай таасирин жоготсо, элдин маанайы өзгөрдүбү? Өнүгүп атабызбы?..

-Жүз миңдеген адамдардын башы насыядан чыкпай, миңдеген адамдар күч органдарынан, соттордон жабыркап келишет. Ошолордун жашоосу үч жылдан бери өзгөрдүбү же өзгөргөн жокпу? Ушуга маани бериш керек. Ошол адамдардын жашоосу жакшырып, маселеси чечилсе, элдин маанайы жакшы болот. Бир кредитти төлөй албай, аны жабам деп экинчи, үчүнчү кредит алып, биринин шапкесин экинчисине кийгизип келаткан үй-бүлөлөр көбөйсө, башы соттон чыкпай, адвокаттарга, сотторго, прокурорлорго акчасын берип, кыйналып жүргөндөр азайбаса, анан кайдагы өзгөрүү, өнүгүүнү айтабыз?

Мамлекет жол салып, чырак коюп, автобус алганы менен кыйналган элдин, соттошуп жүргөндөрдүн, жумушу жок каңгыгандардын жашоосу өзгөргөн жок. Жалпы калктын турмушун өзгөртүш үчүн мамлекетте, билим берүү, сот, укук коргоо, күч органдарында экономикалык реформа болушу керек. Баардык жаатта реформалар жүрүп, ар бир адам реформанын таасирин сезип, жашоосун жеңилдетиши шарт. Ошондо элдин маанайы өзгөрүп, жашоо жакшырган болот.  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер