Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сынга кабылган “ханституциянын” эртеңки келечеги барбы?

Сынга кабылган “ханституциянын” эртеңки келечеги барбы?

18-ноябрь, 18:59
759 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңештин 80ден ашык депутаты демилгечи болуп көрсөткөн  Конституциянын жаңы долбоору кыргыз коомчулугунда нааразычылык жаратты. Ал долбоордо президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга “элдик курултай” деген жаңы институт киргизилген. Ошондой эле парламенттин депутаттарынын саны 90го кыскартылып, өкмөттү башкаруу премьер-министр болгон президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн. "Элдик курултайга ыйгарым укуктарынын негизинде курултайдын төрагасынын, президенттин, Жогорку Кеңештин төрагасынын отчетторун угуу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын ээлеген ордуна ылайык эместиги жөнүндө сунуштарды киргизүү укугу берилет" деп жазылган долбоордун негиздемесинде.

Конституциянын жаңы долбоору көрсөтүлөрү менен убактылуу бийликке нааразычылык күч алып, ММКларда, соцтармактарда талкуу курчуп, кабыл албоого чакырыктар башталды. 

Эмесе, Конституция эмес, “экинчи Түркмөнстанды” элестеткен “ханституция” тууралуу пикирлер.

Эмил Үмөталиев, экс-министр:

-- Бул Конституция заманбап эмес. Бүгүнкү дүйнөнүн өнүгүүсүндөгү ийгиликтүү тажрыйбанын   жана илимдин негизинде эмес сунушталган долбоор. Долбоор талаш-тартыштуу жана эски нуктагы сунушталган ийгиликсиз тажрыйбаны өзүнө кымтып алган. Бул долбоор бизди сынап жатат окшойт. Кабыл алынуусуна да күмөнүм бар. Бирок, эгер элдин ээрчиме көңүлүнө таянып, элге, билимдүүлөргө күч келтирип, массалык жаңылыштыкка берилип кабыл алынып калса, долбоор мыйзамга айланып кетсе деле узак мөөнөткө чыдабайт. Көйгөй абдан оор болот. Турмуш начарлайт. Бийлик өзү бул мыйзам менен узакка ийгиликтүү иш жүргүзө албайт. Кайра эле төңкөрүш орун алып, төңкөрүштөн башы чыкпаган өлкөгө айланып кетпесек болду деген коркунуч туулду. Ички сабатсыздык жана сырткы бизге жакшылык тилебеген күчтөрдүн аракети менен өтүп кетсе, анда турмуш оор болот. 

Төңкөрүштөн кийин бийлик өзгөрүлүп жатат. Эч бир мыйзамга, мындайча айтканда, көпүрөгө тийбей турган оң болмок. Жактырбасак дагы, иштеп турган көпүрөнү козгобосок болмок. Бийликтин ийгиликтүү жана натыйжалуу, элге пайдалуу иштеп жатканына күбө болгондон кийин анан ошол бийлик менен керектүү өзгөрүүлөрдү талкууласак туура болмок. Анда дагы сөзсүз түрдө кеңири талкуу болушу шарт. Узагыраак мөөнөттө, элдин бүт катмарлары менен керектүү талкуулардын баарын өткөрүү зарыл. Көрпөчөнүн астына кымтып келип көрсөтө койгон долбоор адилеттүүлүккө жатпайт. Элге жакшылык кылам дегендердин элден жашырып мындай иш кылгандары туура эмес. “Эл үчүн” десек,  баштапкы үтүрүнөн баштап, ар бир тамгасын эл менен кеңешип, элдин макулдугун алып, анан алып чыгыш керек эле. 

Назгүл Эшеналиева, жарандык активист:

-- Башмыйзамды өзгөртүү талабы бул мезгилге чейин көтөрүлүп келген, 6-чакырылыштын иштөө мөөнөтүндө 10 миң кишинин кол тамгасы топтолуп, Жогорку Кеңешке кайрылган тараптар болгон. Бирок, тилекке каршы, ал мезгилде 6-чакырылыш ал маселени карап да койгон эмес. Эми бүгүн 6-чакырылыштын мөөнөтү бүтүп, легитимсиз парламент болушкандан кийин “референдумга барабыз дегендери такыр мыйзамга да, акылга да сыйбай турган иш.  Мөөнөтү бүткөн парламенттин дегеле референдум жарыялоого такыр укугу жок. Бул парламент мыйзамсыз жана легитимсиз . Эртеңки күнү “легитимсиз парламент кабыл алган Башмыйзам да легитимсиз” деп айтып чыккан тараптар болот. Биз качанкыга чейин эле талашып-тартышып жүрө беришибиз керек? Башмыйзамды өзгөртүшүбүз керек болуп жатса, жаңы, мыйзамдуу шайланып келген 7-чакырылыш менен өзгөртүшүбүз керек. Утуру келген бийлик эле каалагандай Башмыйзамды өзгөртө берсе, өлкөдө туруктуулук болбойт. Баардык иш-аракеттер мыйзам талаасында аткарылышы зарыл. Убактылуу бийлик теңирдин тескери иштерин жасап, мыйзамга туура келбеген аракеттерге барып жатканы көпчүлүк жарандардын кыжырдануусун жаратууда. Буга чейинки тарыхта өзүм билемдикке барган президенттердин тагдыры жакшылык менен бүтпөгөнү баарыбызга маалым. Андыктан, эл дагы, эл башчылар дагы өткөндөн сабак алышыбыз керек.

Динара Ошурахунова, укук коргоочу:

-- Булар бүт мыйзамдардын баарын бузуп, “элдин турмушун оңдойбуз, Конституцияны өзгөртүш керек” деп коюп, кайра бүт бийликти өздөрүнө алып, басып алып, керек болсо өкмөттү да, парламентти да, элдин эркиндигин да жоюп, буга чейинки революцияда кан төккөн маркумдардын эмгегин унутуп, кайрадан Бакиевдин убагына алып келгилери бар! Бакиевдин да убагы эмес, бир гана хан башкарган XVII кылымды эске салып жатышат. Хан болуп алып каалаган ишин жасап, 20 адам менен кайсы керек мыйзам болсо кабыл алып, аларды сындагандардын оозун басып, керек болсо түрмөгө камап салгылары келген ой менен жаңы “ханституциянын” долбоорун сунушташууда. Буга  эл жалпы каршы  туруш керек. Анткени 30 жылдан бери эл колдоп келди. Кандай болсо да акырындан өнүгүп келе жатты. Азыр элге  жумушсуздук маселесин, пенсия, айлыктарды чече турган жаңы демилгелер керек болчу. Тилекке каршы, булар “Конституцияны өзгөртсөк, жакшы жашоо болот” деп элди алдап жатышат. 30 жылдан бери канча ирет Констиуцияны өзгөрттүк? Андан элдин жашоосу оңолуп кеткен жок. Мунун баары манупиляция, мунун баары алдоо! Ошондуктан эл буларга ишенбеши керек. Булар Конституция менен элдин турмушун оңдобойт. Тескерисинче, өз бийликтерин күчтөндүрүп, каалагандай уурдап, каалагандай жыргал турмушту камсыздап алып, нааразы болгондорду ар кандай жол менен ооздорун жапканга аракет кылышат.

Расул Тулеев, жаш саясатчы:

-- Жаңы Конституциянын долбоору боюнча: 

1. Президент өкмөттү өзү дайындайт, бирок өкмөттүн жетекчиси бар экен (бул жагы түшүнүксүз). Президенттин администрациясынын анда эмне кереги бар? Эгерде ал өкмөттү башкарып жатса, же өкмөттүн эмне кереги бар? Анда президенттин администрациясы эле башкарсын. 

2. Бийликтин тең салмактуулугу сакталбайт. Анткени, сотторду, башпрокурорду жана укук коргоо органдардын баары президенттин колунда. Жогорку Кеңеш макулдугун гана бере алат. 

3. Курултай киргизилгени менен жөн эле сыртта турган байкоочу жана кеңешчи сыяктуу эле болчудай. Андай курултайдын барынан жогу жакшы! Курултай киргизилсе, анда ал бийликтен отчет гана албай, бийликтин түзүлүшүнө мүмкүнчүлүлүгү болушу зарыл. Курултай калыстык жана адилеттүүлүктүн улуттук институтуту болушу абзел. Анда сотторду, башкы прокурорду, БШКны, эсеп палатасын дайындоону курултайга бериш керек. Ошонда ал бийликтин ишине тоскоол болбой, бийликти тескей алат.

Андан тышкары, Конституцияга ар кайсы идеологиялык жана жүзөгө ашпай турган нерселер жазылганы менен алар өнүгүп кеткенге конституция кепилдик бербейт. Тилекке каршы, кээ бир саясатчылар Конституцияны сыйкырдуу таяктай көрүп жатышат.


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер