Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » ИДПнын көлөмү аябай артка кеттиби?

ИДПнын көлөмү аябай артка кеттиби?

15-апрель, 12:05
444 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) үстүбүздөгү жылдын январь-мартында 118,4 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу улуттук статистика комитети билдирди.

Көрсөтүлгөн сумма өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өлкө экономикасы 9,4 пайызга артка кеткенин айгинелейт. Ал эми Кумтөр кенин эсепке албаганда ИДПнын көлөмү 105,6 миллиард сом болуп 4,5 пайызга кыскарган.

Өндүрүштө, курулушта жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө ишканалардын кыскарышы ИДПнын өсүү темпинин төмөндөшүн шарттаганы белгиленет. Бир гана айыл чарба тармагында 0,9 пайыз өсүү байкалган.

Ошону менен бирге жыл башынан берки үч айда өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу өлкө боюнча элдик керектөөчү товарлардын баасы 3,2 пайызга кымбаттаганы айтылды. Ал эми тышкы жана өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 800 миллион долларды түзүп, 18,3 пайызга төмөндөгөн. Анын ичинен экспортко чыккан товарлар 25,5 пайызга, импорт 15 пайызга азайган. Январь-февраль айында Кыргызстандын ички дүң продукциясы 8,9 пайызга төмөндөгөнү маалым болгон. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер