Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кара-балталык адам кызды экинчи кабаттан ыргытып жиберген

Кара-балталык адам кызды экинчи кабаттан ыргытып жиберген

20-май, 20:51
506 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Укук коргоочу Камиль Рузиев “Кара-Балта шаарынын жергиликтүү тургуну кызды экинчи кабаттан ыргытып жиберди” деп билдирди. Анын айтымында, окуя 2020-жылы 15-февралда болгон. Шектүү киши кызды конокко чакырган. Бир нече убактан кийин кызга туулган күнү менен куттукташ үчүн Орусиядан тааныштары чалган. Андан кийин мас абалындагы тургун кызганычтан улам кызды балкондон ыргытып жиберген.

«Ал менин мобилдик телефонумду тартып алып, сөгүп, батирдин ичинен артыман кубалап, токмоктоп баштаган. Алкоголдон тышкары ал кандайдыр бир препараттардын таасири менен жүргөндөй сезилди. Анын көз карашынан, ур-токмогунан коркуп, батирден качып чыгууга аракет кылдым, бирок ал мени коё бербей жатты. Мунун баары таңкы саат төрткө чейин созулду. Бир кезде жашынайын деп балконго чуркап чыксам, артыман балконго келди. Менин колуман кармап алууга аракет кылды, түртүшүп жаттык, анан мени көтөрүп туруп балкондон ыргытып жиберди. Бир нерсени кармап калайын деп колумду созуп жатканым эсимде» деп айтып берген жабыркаган кыз.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер