Кыркка чыкпай бактысыз болдум, жашоом туңгуюк...
Ар бир адам өзүнүн турмушун жазат экен. Өзүмдү кемсинтем. Өткөн жашоомду айтканда не? Азап, кыйын күндөр да. Мен болгону азыркы жашоомду кыскача баяндайын.
Ажырашканыма көп эле жыл болду. Үч кызым бар. Бирөө өз күчү менен “Акылман” президенттик лицейде бекер окуп жатат. Балдарым чоңойгон сайын каалаганын жедире албай, кийиндирүүдөн аксап, эми мага кыйын жашоо келип калгандай сезилүүдө. Өзүм деле жеп-ичпейм, кийинбейм. Бишкекке жашап, тытынып иштегим келет, бирок, ал жакта үйүм жок. Россияга кетейин десем, балдарымды таштай албайм. Буларды ким карайт? Карыган ата-энем өздөрүн араң багууда, аларда да башка неберелер бар. Азыр жашоом туңгуюк. Акча жетпейт. Бизге ата-эне, бир тууган да жардам бере албайт экен. Эмне кыларымды билбейм. Кыркка чыкпай ушинтип бактысыз болгон жаман экен. Өзүмө боорум ооруйт, ыйлайм. Мындайда психолог да жардам бере албайт...
Жаркынай
"Азия Ньюс" гезити