Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Артем Новиков орус болгону үчүн коркуп, түз кетип атабы, же?..

Артем Новиков орус болгону үчүн коркуп, түз кетип атабы, же?..

10-декабрь, 11:31
1 931 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиковдун популярдуулугу артууда. Аймактарды кыдырып, бажыны тыкыр текшерип, жадагалса улуттук оюндарга ак калпак кийип барып, эки ооз кыргызча сүйлөп, мекенчилге айланганы көпчүлүктүн көңүлүн бурдурду. Ыкчам иштегени, тазалыкка умтулганы, деги эле аракетчилдиги байкалууда. Ушул көрүнүшү аныкпы? Кыкеңдер кытмыр келет эмеспизби, бирок баары бир ишенбегенсип турабыз. Дагы убакыт бар, эгерде чын эле Новиков кризис-менеджерге айланса, анда жаңы шайланган президент таяныч табат. Отуз бешке чыга элек, чыйрак орус баланын кыргызга күйгөнү ыраспы? Анда баракелде! Же тили буруу болгону үчүн эле “дакансалардан” коркуп, түз иштеп атабыУбакыт таразаласын... 


"Азия НЬюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер