Тимур Саралаев, активист: “Өлкөбүздө адамдарга карата баардык мүмкүнчүлүктөр, эркиндиктер бар”
-- Сөз эркиндиги, “Азаттык” тууралуу эки ача ойлор айтылууда. Бул жагдайга кандай пикириң бар?
-- Кыргызстан дайыма КМШ өлкөлөрүнүн арасында, айрыкча Борбор Азияда эң демократиялык өлкөлөрдүн бири катары турат. Биздеги чоң баалуулуктардын бири – бул сөз эркиндиги. Сөз эркиндиги кыргыз маданиятында башынан бери эле келе жаткан көрүнүш, баалуулук, принцип десек болот. Демократиялык мамлекеттерде дайыма укук маселеси, адам укуктары деген баалуулуктар көп талкууга алынат. Алар башка баалуулуктар менен бир катар турган нерсе. Бирок ошол эле кезде сөз эркиндиги дегенде биз көп учурда укук маселесине байлап коёбуз. Анан ал жакта дагы бир олуттуу принцип бар. Бул – милдет. Укук менен милдет теңата жүргөн нерсе. Кыргызстанда, тилекке каршы, ошол эле укуктар тууралуу көп айтып жатышып, милдет жөнүндө айтпай калышат. Көйгөйдүн баары ушундан жаралат. Көп учурда кайсы гана медиа болбосун, гезит болобу, интернет сайт же телевидениеби, укуктар, сөз эркиндиги тууралуу айтышат, бирок милдет маселеси калып кетет.
-- Ошол милдет маселеси тууралуу да кеп козгосок?
-- Өлкөбүздө эркиндиктер жакшы эле десек жаңылышпайбыз, адамдарга баардык мүмкүнчүлүктөр бар. Сөз эркиндиги, маалымат алуу, табуу, жайылтуу, чагылдыруу деле кенен-кесири колдонулат. Маселенин негизи көз караштарда жана принциптерде. “Сөз эркиндиги чектелүү болуп жатат” дегенде, “милдетти алуудан алысыраак болгусу келишет” деп түшүнсөк болот.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити