Акыркы кабарлар
» Коом » Кант шаарында компьютер жарылып, өспүрүм каза болду
Кант шаарында компьютер жарылып, өспүрүм каза болду
20-декабрь, 15:34
685 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Компьютердин жарылуусунан улам, өспүрүм бала көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Кечээ,19-декабрда саат 15:00 чамасында Кант шаарынын 15 жаштагы тургуну Бишкек шаарынын №4 ооруканасына жеткизилген. Бала экинчи, үчүнчү даражадагы күйүк алган, денесинин 35 пайызы жабыркаган.
Ошондой эле, каза болгон баланын ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген экендиги айтылды. Ал эми кырсыктын себеби, зымдардын биригип кетишинен улам чыкканы белгилүү болгон. Ошол убакта бала жуурканга оронуп, компьютерде отурган.
Aryba.kg