Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азамат Кенжебаев: “Мирзиёевдин жаратмандык саясатын пайдаланып, келечектүү кадамдарды жасайлы”

Азамат Кенжебаев: “Мирзиёевдин жаратмандык саясатын пайдаланып, келечектүү кадамдарды жасайлы”

31-январь, 11:18
372 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бүгүнкү күндөгү дөө-шаа өлкөлөрдүн өз ара мамилелерине кандай баа бересиз? Алардын биздин өлкөгө тийгизген таасири барбы?

-- Баарыбызга белгилүү болгондой, глобалдык масштабдагы саясый жүрүштөр абдан курч мүнөздө өтүүдө. ХХ кылымдын акырында калыптанып калган АКШнын доминациясынын алдындагы саясатты дүйнөнүн башка чөлкөмдөрүндө, Кытайдын, Индиянын, Россиянын көтөрүлүшү менен аларга каршы туруу позициясы бир полярдуу алкакты бузуп, көп кырдуу дүйнөнү куруу саясаты абдан катуу жүрүп жатат. Буга кошумча болуп эки жылдык пандемия да глобалдык экономиканын бир топ артка кетишин шарттады. Натыйжада, дүйнөлүк масштабда глобалдык инфляциянын жүрүшү күчөдү. Бир эле Американын өзүндө жети триллиондон ашык доллар басып, рынокко чыгарышып, 1981-жылдан берки эң чоң инфляциялык көрсөткүчтөргө ээ болду. Ушундай эле көрүнүш Европада жүрүп жатат. 

Россия менен Батыштын ортосундагы куралдуу кагылышуулардын натыйжасында Араб дүйнөсү доллардан кетүү же долларизация процессин жүргүзүүнү күчөтүп, өздөрүнүн өнүгүү багытын Батышка эмес, дүйнөнүн башка таасирдүү борборлоруна, Кытай тарапка бура башташты. Ушуга окшогон жагдайлар глобалдык масштабдагы олку-солкулукка, туруксуздукка, анын натыйжасында баардык өлкөлөрдөгү белгисиздиктерге, келечекке болгон күмөн саноолорго алып келип жатат. 

Анын терс таасирлерин биз дагы көрүп жатабыз. Мен билгенден Россияга 12 миңден ашык санкция жарыяланды. Ал эми Россия биздин өнөктөшүбүз, союздашыбыз катары 80%дан ашык товар айлантуу аракеттерибиз, айрыкча жыгач, нефти, бензин ж.б. товарларды Россиядан алгандыктан, аларга киргизилген чектөөлөр бизге да таасирин тийгизүүдө. Доллардын акча алмаштыруу жайларында азайышы, же болбосо айрым эл аралык соода жүгүртүүдө тоскоолдуктар бизде да болууда. Башкача айтканда, глобалдык экономиканын бир мүчөсү катары таасирин көрүп жатабыз. Ошондуктан 2023-жылда дагы глобалдык масштабдагы олку-солкулуктар уланат. Буга айрыкча Кытай менен Американын ортосундагы мамиленин курчуп баратышы да сөзсүз таасирин тийгизет. Себеби, Американын “биринчи душманыбыз Кытай, экинчиси Россия” деген пикирлери айкын болду. Ошон үчүн биздин жетекчилер жети өлчөп, бир кескен саясатты жүргүзүшү зарыл. 

-- Ушул багытта жакшы иштерди алып барууга милдеттүү экенбиз да?

-- Биздин мамлекетке Тажикстандын оккупациялап кириши дагы жөн жерден чыккан эмес. Биз баарын көрүп жатабыз. Афганистанда пуштундар бийликке келди. Алар Американын жана алардын союздаштарынын душмандары болгон. Жыйырма жыл алар менен күрөшүп келишти. Ал эми Американын союздаштары – тажик, хазарей, өзбек улутундагы Афганистандын элитасы утулду. Натыйжада алардын баары Ахмад Шах Масуд (илгерки генерал Ахмад Масуддун баласы) баш болуп, баардыгы Душанбеде отурушат. Булардын баары мурда америкалыктар менен иштешип келген. Ошолордун каржылоосундагы адамдар. Америка болсо дагы деле талибдердин бийлигин тааныган жок. Ушуларды пайдаланып, аларга каршы колдонууга даяр турат. Курал-жарактарын берип жатышат. Афганистандан качып чыккан бүт самелоттордун, куралдардын баардыгын Тажикстанга өткөрүп беришүүдө. Дээрлик күчтөр ошол жакта топтолгон. Буга чейинки “Хорасан” аттуу уюмду кайра жаратуу менен Тажикстандагы тажиктердин башын бириктирип, пуштундарга каршы коюу саясаты жүрүүдө. 

-- Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон сапары күтүлүүдө. Бул сапардын бизге тийгизген таасири тууралуу кандай ойдосуң?

-- Өзбекстан биздин регион үчүн орчундуу орунду ээлеген мамлекет. Себеби, Өзбекстандын стабилдүүлүгү Орто Азия мамлекеттеринин туруктуулугунун гаранты болуп эсептелет. Мисалы, бизде бир нече жолу революция, тоз-тополоңдор болду, бирок бул өз өлкөбүздө эле калды. Башка өлкөлөргө таасир эткен жок. Казакстанда былтыр кагылышкан чоң окуялар орун алды. Бирок алар дагы Орто Азияга таасирин тийгизе алган жок. Ал эми Өзбекстанда чоң катаклизмдер башталса, ал сөзсүз түрдө бүтүндөй Орто Азияга таасирин тийгизе турган чоң күч катары эсептелет. Ошол максатта Мирзиёевдин келишинин таасири чоң. Анын өзбек парламентинде сүйлөгөн сөзүн уктум. “Биз эң биринчи кезекте кошуналарыбыз менен ынтымакты орнотушубуз керек. Ошолор менен алака, карым-катышыбызды жакшырталы” деди. Алар чек ара маселесин биздин Кыргызстан эле эмес, Тажикстан, Казакстан менен чечкенге абдан батыл киришүүдө. Ошондуктан Мирзиёевдин жаратмандык саясаты жүрүп турган учурда, биз дагы өз пайдаларыбызды, дивиденддерибизди алып калышыбыз керек. Мындан ары дагы экономикалык, маданий катыштарыбызды жолго коюп алсак, ийгиликтер жаралат. Алдыда боло турган иш сапардын натыйжасында биздин өлкө үчүн дагы жакшы келишимдер түзүлүп, пайдалуу сунуштар, келечекке карай кадамдар жасалат деген үмүттөмүн. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер