Алмамбет Шыкмаматов башкы прокурор болобу?

Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов бийликтин аброюн көтөрүүдө алгылыктуу иштерди жасап келет. Акылбек Жапаров татаалдаштырып кеткен системаны жөнгө салып, акырындык менен бизнесмендерге ыңгайлаштырып, ортодогу “тоңгон музду” эритүүдө. Коомчулукка жек көрүнө баштаган салык кызматынын саясатын жөнөкөйлөштүрүп, мамлекетке ырааттуу пайда келтирүүнү ачыктап койду.
Аныгында, Алмамбет Шыкмаматовдун мындай жөндөмүн президент да баалап, жогору баасын берип жатканын уктук. Айтмакчы, жакында Курманбек Бакиев Кыргызстанга келсе, соттук териштирүүлөр башталса, элге сүйлөп чыга турган бийликтин бараандуу өкүлү керек болот. Муктаждык жаралууда. Андай адам күч органдарын жетектеп, ошого жараша бакиевчил эмес фигуранын роль ойношу маанилүү. Окуянын “алтын сызыгы” кандай өнүгүп баратканын түшүнүп атасыңарбы? Эгерде Алмамбет Шыкмаматов башкы прокурорлук кызматка дайындалса, калыс адам катары Курманбек Бакиевдин жана Убактылуу өкмөттүн ортосундагы келишпестикти адилеттүү карайбы? Дал ушул өңүтүнөн алганда, саясатты да, мыйзамды да “семичкедей чаккан” Алмамбет мырзанын караңгыдан көз тапкан амалына суусап тургандай жагдай түзүлүүдө. Албетте, бийлик үчүн!
Каарманыбыз буга чейин депутат, министр сыяктуу бир катар жогорку кызматтарды аркалап келди. Бул саам башкы прокурор болсо, аброю эл ичинде түшүп калган системаны кайрадан көтөрүп, калыбына келтирери шексиз.
"Азия Ньюс" гезити