Акыркы кабарлар
» Коом » Журналист Ыдырыска ишенебизби же генерал Урмамбетовгобу?
Журналист Ыдырыска ишенебизби же генерал Урмамбетовгобу?
04-сентябрь, 13:10


Көлдөгү көрүнүш... Соцтармакта эл Кырчынга жете албай автобус жетишсиз болуп, кайра кайтуу да кыйынчылык жаратканын интернетке чыгарып жатышты. Журналист Ыдырыс Исаков да тастыктап, автобустар аз экенин, ары-бери каттоодо эл котолоп күтүп калышканын баракчасына чагылдырган. Ошондой эле жагдайда блогер Эртай ИИМ орун басары Октябрь Урмамбетов менен видео тартып, транспорт жетиштүү экенин жар салышты. Бул жөн гана көз будамайлоо эмеспи? Себеби, Ыдырыс баш болуп, көпчүлүк адамдар Кырчынга баруу кыйынчылык жаратканын, кайра кайтуу да азап экенин чыгарышты го? Ошондо генерал Урмамбетов менен Эртайдын репортажына түшүнбөй турабыз... Булар сыйкырлап тартып жатышкан жокпу?..











