Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министр Бактыгүл Жээнбаеванын айткандарына каңырык түтөйт

Министр Бактыгүл Жээнбаеванын айткандарына каңырык түтөйт

16-июль, 15:01
874 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине өлкөбүздүн каржы министри Бактыгүл Жээнбаева узун аңгеме-дүкөн куруп, өлкөбүздүн азыркы каржылык абалын кенен-кесир айтып бериптир.

“Бактыгүл айымдын айткандарын окуп отуруп, каңырыгың түтөйт” деп “Нью ТВ” билдирди. Тимеле айласы алты кеткен аткаминерибизди аяп да, сөгүп да аласың.

Анын айтымында, бүгүнкү оор каржылык абалда сырттан карыз албаска такыр айлабыз жок экен. Ички каржылык булактардын көзүн табуу жөнүндө ныпым сөз кылбаптыр. Жаңы ишканаларды ачып, кошумча жумуш орундарын түзүү тууралуу сөз айтмак түгүл, кыйынчылыкка кептелген ишкерлерди, бизнести кантип колдоо тууралуу алгылыктуу аракеттерди да айта албаптыр.

Ар бир кризис жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачары белгилүү эмеспи.
 Биздикилер болсо жаңы эшиктерди ачмак түгүл, ачылып турган эшиктерди четинен жаап бүтөт сыягы.

Ээлеген кызмат ордуңарды кор кылбай, башыңарды иштетип, жаныңарды бир аз кыйнап иштебейсиңерби?! Сырттан карыз алып, келген акчаны ал жак, бул жакка бөлүштүрүп отура бергенге анча деле акылдын кереги жок да. Кайран элим, шорубуз калың окшойт го…


“Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер