Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жаӊы бийлик эске ала турган кандай жагдайлар бар?

Жаӊы бийлик эске ала турган кандай жагдайлар бар?

15-ноябрь, 23:37
759 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Садыр Жапаров башында турган өкмөткө ишеним артуу элде жогору эле. Себеби, 4-октябрдагы Жогорку Кеӊешке шайлоо акыйкатсыз өткөндүгүнө байланыштуу жалпы эл көтөрүлүп (анын ичинде басымдуу бөлүгү жаштар), Сооронбай Жээнбеков башында турган бийликти кулатып, 6-октябрда Садыр Жапаровду башбакандыкка отургузушту. Бул жерде чындык үчүн айтып коюш керек, Садыр Жапаровго ошол 6-октябрдан 21-октябрга чейин эски бийликтегилер, ага кошулуп мөөнөтү аяктаган “чимкирик” депутаттар, ортодо жүргөн саткын саясатчы сөрөйлөр, жалданма журналисттер жана жарандык уюмдар колдорунан келишинче бут тосуу менен бирге элдин маанайын тетири бурганга аракеттерди катуу эле кылышты. Башбакан Садыр Жапаров 21-октябрдан кийин президенттин милдетин аткаруучу да болуп, эки тизгин бир чылбырды колго алды. А бирок “быссымылда дегенде эле өкмөттүн түзүмүндөгү кадр саясаты тескери башталганына эл бир сыйра нааразы болгонго да үлгүрүп калышты. Ага Садыр Жапаров өзү анча кийлигишпегенин, муну аппарат жетекчилери жасап жибергенин айтып, актанып да алды. 

Биринчи башбакандыкка А.Новиковду эмне себептен тандашканы түшүнүксүз. Себеби, ал Атамбаевдин тушунда экономика министрлигин жөндөй албай кызматынан шыпырылган. Эми минтип бир заматта жогорку кызматка отуруп калды. Экинчи бир жаӊылганы – тышкы иштер министрлигине Руслан Казакбаевди алып келип койгону болду. Бул киши депутат болуп жүргөндө анчалык деле идея көтөрүп, бийликтин кемчиликтерин бетке айтып чыкчу эмес. Тескерисинче, “мөӊгүлөрдү талкалай бергиле” дегендердин бири болчу. Андан да ал Москвага бара коюп, Лавровдун эскертүүсүн угуш (ал эмес мага абдан оор болду), “кыргыздар, кожоюунуӊар ким экенин билип жүргүлө” деген эки мааниде ой калчанды. Мындан улам Казакбаевден көрө башка дипломатты көтөрсө болбойт беле? А эӊ жакшысы, Аскар Бешимовду алып келгенде, өлкөнүн аброюн чет жакка жакшы жагынан гана таанытмак. Себеби, билимдүү десең билимдүү, акыл парасаты тереӊ жана мекенчил, өз элин сүйгөн адам. Мына ушундай кадрларыбыз турса, көзүбүз кашайып, теӊирден тескери тандайбыз. Стакем “кадрлар баарын чечет” деп бекер айтпаса керек.

Ɵкмөттүн алдындагы кадр кызматы аман эле болсун. Ушуга чейин башкарып келген башчылары кадрларды кандай тандап келгенин көрбөдүкпү! Көкмээ болсо да жалаӊ гана өӊ-тааныш, Акүй менен Көкүйдөн сунушталгандар жана акчасы барлар гана кызматка алынып турган. Кадрлар кызматынын коррупциялашкан статс-катчылары министрликтерде, комитеттерде жана агенттиктерде 5 жылдык мөөнөт менен иштеп, жакшы иштешсе ротация болуп которулуп турмак, а иш жүзүндө алар кадрлар кызматынын башчысына пара берип, “10 жылдап мени коллектив колдоп жатат” деген сураныч кагазды берип коюп, эч реформа кылбастан дагы деле көбү отурушат. Ал аз келгенсип идеясы жок Абдрахман Маматалиевди башчы кылып отурасыӊар. Урматтуу Садыр Нургожоевич, мындай алешемдиктер кадр маселесинде көп эле жолу кайталанууда. Учурда сиздин айткан сөзүӊүзгө ишенип, “30 жыл күткөн жаныбыз 3-4 ай деле күтүп туралы” деп өзүбүзгө өзүбүз каниет кылып атабыз. 

Өмүрбек Текебаев 2012-жылдары “өлкөдө баардык иштеп жаткан субъектилер (анын ичинен менчигине карабай) өлкөгө саботаж кыла турган болсо, мыйзам түрүндө жазага тартылат” деген мыйзамды кабыл албай жатат” деп элге жарыя кылды эле. Ошол мыйзам азыр бизге аба менен суудай керек болуп турат. Эгер Текебаев өлкөбүз өссүн десе ушул мыйзамды азыр эмнеге алып чыкпайт? Урматтуу президенттин милдетин аткаруучу жана башбакан, мына ушул мыйзамдын долбоорун сиз Жогорку Кеӊешке тез арада сунуштасаңыз, алар кабыл алып берсе жакшы болот эле. Мен өлкөбүздүн өнүгүп-өсүп кетишине тоскоолдук жаратып жаткандар ушуну так түшүнүп алса дейм: “Центерра Голдду” биз эч качан инвестор катары айтпашыбыз керек. Булар өзүбүздүн алтыныбызды кенемтеге коюп иштетип, каныбызды соруп келе жаткан аферист компания экени жалганбы? Ошондой эле Жерүйдү иштетип жаткан компания деле Кыргызстанга 1 тыйын дагы үлүшүбүздү бербейт. Жана башка ушуга окшогон майда компаниялар деле кыргыздын келечегин, ырыскысын кесип жеп отурушат. Мына ушундай аферист компанияларды кантип анан “инвестор” деп айтабыз? Кээ бир былжыраган кыргызга душмандар “эми булар салык төлөп жатпайбы” деп элдин башын айландырып келет. Урматтуу элим, салык – бул Африкада да, Америкада да салык. Мисалы, кайсы бир мамлекетте иш баштадыӊбы, сөзсүз салык төлөйсүң, андан эч ким буйтап кете албайт. Ошондуктан салык менен үлүштү эки бөлөк карашыбыз керек. 

Урматтуу Садыр Нургожоевич! “Центерра Голд” компаниясына коруктагы 16700 гектар жерди берип, “бул жер коруктун жери эмес” деп караманча калп айтып, элдин башын айланткан экология жана токой чарбасынын жетекчилерин, экологиялык техникалык инспекциянын жетекчилерин жана ошого салым кошкон адамдардын баарын токтоосуз жоопко тартыӊыз! Жана ошондой эле 5-6 миллиарддык алтыны бар Жерүй алтын кенин болгону 100 миллион долларга сатканы боюнча Атамбаевдин, Бабановдун ушул ишке канчалык тийешеси бар экенин аныктоо үчүн башкы прокуратурага тапшырма бериӊиз. 

Урматтуу Садыр Нургожоевич! Эл сизден тезинен реформа кылууну күтүп жатат. Люстрация мыйзамын кечиктирбеӊиз, элдин 80-90 пайызы өлкөнү башкаруу системасы деп бир мандаттуу депутаттарды жана президенттик курултай институтун каалап турушат. А убактылуу өкмөт башында турган Атамбаев, Текебаев, Отунбаева жана башкалар зордоп таӊуулап, ал аз келгенсип “10 жылга чейин оӊдоп-түзөө киргизилбейт” деп бир гана өздөрүнө ылайыктап жазып алып, партиялык башкаруу катары чартаӊбай тээп келишпедиби? Партиялык башкаруу – эч ким эч нерсеге жооп бербеген мамлекетти кыйратуучу система экенин көрдүк. Ошондуктан Садыр Нургожоевич, сиз эӊ башында айтып жүргөн идеяӊыздан кайтпай, реформаӊызды кылчактабай батыл жасай бериӊиз. 30 жыл бою эзилип бүткөн элиӊиз сизди жаркын келечекке алып барат (!) деп күтүп турат. 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер