Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өтө татынакай көздөрдү тиктей селейдим, бирок кыз дудук экен

Өтө татынакай көздөрдү тиктей селейдим, бирок кыз дудук экен

02-июнь, 14:19
2 475 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Эже, эжеке, эже, - деп жан-алы калбай ээрчип келе жаткан төрт жаштардагы кичинекей кызды ары-бери өткөндөр элейе карап түшүнбөй жатышты. Кичинекей кыздан бир аз алдыда кетип бара жаткан узун бойлуу татына кыз кылчайып да койбой өз жолу менен кете берди. Ал кызга улам жете берип, кайра артка калып эжекелеген кичинекей кызга баары аянычтуу карап жатышты... А сулуу кыз болсо суйкайып эч нерсе укпаган, көрбөгөн адамдай түптүз өз жолу менен кете берди.  

-- Чоң кыз, сизди чакырып жатат, угуп койсоңуз боло, баланы эзип жибердиңиз го... - деп кайрылганыма кыз кылчайып да койгон жок. “Ой тобо, бул эмнеси? Кулагы каңырышпы? Жапжаш туруп же аябай мерез немеби?” деген ой келе ачуум менен : 

-- Ай кыз, токто! - деп колун силке кармадым. Кыз чочуп, өңү бозоро колун  тартып алып, үн-сөз жок бурулуп мени тиктеп калды, эмнегедир айланам тыптынч болуп, эжекелеп жаткан кыздын үнү да угулбай, ажайып бир кооз сыйкыр ааламга чөгүп бараткандай абалда татынакай көздөрдү, өтө татынакай көздөрдү тиктей селейдим. Чын эле бажырайган, кирпиктери төгүлгөн, супсулуу көздөрү апакай жүзүнө жарашып, бир аз корккондой мени тиктеп турганы мени бир чети сүрдөтүп, бир чети уялтып турду.

-- Кечириңиз, бул кыз сизди чакырып жатканын укпаганыңыздан эле... - деп апкаарый карап калдым. Кыз да көздөрүн бакырайтып оозун кыбырата колдору менен кулагын жаңсай “эч нерсе укпайм” дегендей түр көргөздү. Бүткөн боюм калтырап, ого бетер тердеп чыктым. “О, Жараткан, бул эмнеси, чын эле укпайбы? Дудукпу, дүлөйбү?” деген толгон суроо жүрөгүмдү мыжыгып жатты. Кыз болсо сумкасын ачып, кагаз, калем алып, бир нерсе жазып мага узатты: “Агай, мен укпайм, кете берсеңиз болот” деген эки ооз сөз экен. Колум калтырап калемин сурап: “Кечириңиз, күнөөлүүмүн” деп жазып баракты узаттым. Баракты мага кайтара колун кайчылаштыра “кечирдим” деген мааниде жылуу жылмайып койду да, кичинекей кызды колунан жетелей жөнөп кетти. Кичинекей баракчаны кармай дендароо болуп көпкө турсам керек, “Ай жигит, четке чыксаң боло, жолдун ортосуна туруп алып кыялданбай”  деген орой үндөн чочуп, жан-жагыма карай жолдун четиндеги отургучка отура кеттим. Улам-улам баракка үңүлөм. Барактагы ар бир тамга татынакай кыздын сулуу көздөрү, жылуу жылмаюусу болуп, көз алдымдан кетпей турду. Бир топ убакыттан кийин эсиме келе кыздын атын, дарегин сурап калбаганыма өкүнө алардын артынан жөнөдүм. Бирок кеч болуп калган, кичинекей кыз экөөнүн карааны эбак шаардын кайнаган жашоосуна сиңип кеткен эле. 

Шаардын көчөлөрүн көпкө кыдырып жүрүп, айланчыктап кайра баягы жерге келдим. Эмнегедир “ал татына кыз ушул жол менен артка кайтат болуш керек” деген зор үмүт жүрөгүмдөн өчпөй, күз мезгилинин денени ичиркенткен муздак жели, бир аз тамчылай баштаган нөшөрүн сезбей жол четиндеги отургучта күүгүмгө чейин отуруп, үйгө кеч кайттым. Көөдөнүмдү өйүгөн көп суроо тынчымды алып жатты. Бирок, жообу жок туңгуюк болуп кыйнап жатса да, “ал кызды дагы бир жолу көрүп, баарлашсам” деген үмүтүм, тилегим менен эртеңки күндү күттүм... 

Ооба, мындай эртеңки күндөрдүн далайын өткөрдүм. Тирүү жан болгондон кийин мезгил, убакыт токтобойт экен. Күз өтүп, кыш келип, кыш өтүп, мына жаз да келип, көктөмдүн жыты, бак-дарактардын бүчүр байлашы жаңы жашоо, жаңылык алып келчүдөй бир беткей өтүп жаткан кызыксыз күндөрүм өзгөрчүдөй болуп, кандайдыр бир бурулушту күтө бердим.     

Ушундай ойлордун желесинен чыгалбай жүргөн окшош күндөрдүн кээ биринде катарымда небересин жетелеген байбиче да эс алганы отуруп калып жүрдү. Байбиче менен акырын башымды ийкеп учурашып койгонум болбосо сүйлөшпөйбүз. Ал киши небереси менен алектенет, мен болсо ойго чөмүлө элдин арасын тинте карап убакыт өткөрөм. Бүгүн да ошол отургучта ары-бери   кумурскадай жаны тынбай өтүп жаткандарды тиктей, өзүмдү өзүм санаадан алаксытып отурам. Тигине, байбиче да небереси менен келип, колундагы баштыгын отургучка таштай оор үшкүрүнө өзү да отурду.  

Балдар үйүндө тарбияландым. Учурунда апамды сураштыргам, бирок эч ким билбейт жана көрүшкөн да эмес. Ошентип, бул суроого жооп издебей үмүтүм үзүлгөн. Азыр болсо эмнегедир байбичени аяп кеттим да, алаксытып көңүлүн көтөргүм келип кетти:

-- Эже, небереңиз уулуңуздукубу? Акылдуу небереңиз бар, - дедим. 

-- Ээ, кайдан балам? Уулду Кудай ыраа көргөн эмес, - деп оор үшкүрүндү. -- Бул кызымдыкы. Италияда жашашат, - деп көпкө кобурады. Сүйлөшкүсү келгени көрүнүп турду. Байбиче мага бурула:

-- Өзүңдүн нече балаң бар айланайын? Күнүгө эле жалгыз келесиң же?.. - деп токтоп калды. Байбиченин көздөрүнө карап, өтө тааныш көз караштын ирмемин байкадым, ооба, мен издеп жүргөн татына көздөргө түспөлдөш экен. “Жаш кезинде сулуу келин болгону көрүнүп турат” деп ойлой суроосуна жооп берүүгө шашылдым:

-- Ооба эже, күнүгө келем. Бирөөнү күтүп жүрөм, азырынча жалгызмын, буюрса үйлөнсөм, үй-бүлө күтсөм деген тилегим бар.

-- Аа айланайын, “жакшы тилек жарым ырыс”, Кудай тилегиңди берсин.

-- Рахмат эже, көп жашаңыз! - деп ичим жылып, жакын адамымдай сезип кеттим.

-- Эми балам, биз кетели. Ээ Айзар, кайдасың? Кел кетели, эжекең күтүп калбасын...

Эмнегедир “буларды узатып койсомбу” деген ой келе түштү.

-- Баштыгыңыз оор экен эже, узатып коёюн...

-- Ии, айланайын, тарбия көргөн бала экенсиң. Кудай өмүрүңө береке берсин, биз жакын эле жерде жашайбыз, - деп небересин жетелеп кобурап баратты. Бирок, булардын үйү бир топ эле алыс экен. Бийик тогуз кабат үйдүн алдына токтоду. 

-- Мына, ушул үйдө турабыз. Кирип чай ичип, даам ооз тий, балам. Колумда кичүү кызым бар, окуудан келе турган маалы болуп калды. 

Көңүлүмдө баргым келип турса да уялдым.

-- Рахмат эже, кийинчерээк, жакшы калыңыз, - деп бурула жөнөдүм. Бирок, басалбай ордумда каттым да калдым. Мына тагдыр тамашасы, маңдайымда канча ай, канча күн, канчалаган сааттар кыялданып издеген баягы бажырайган сулуу көздөр. Күнүгө саргая күтүп жүргөн көздөр... Бирок, күтүүсүз жолугушуудан апкаарый түштүм:

-- Саламатсызбы...

Кыз ийиле баягы жылуу жылмаюу менен баш ийкеди да, байбичеге колу менен жаңсай бир нерселерди түшүндүрүп кирди. Байбиче болсо кызын тиктей, анын ар бир кыймылын өздөрү түшүнгөн тилде кунт коюп угуп жатты. 

-- Жакшы калыңыз, - деп шашып жөнөй бердим. Бирок издеген сүйүүмдү тапканым үчүн жер менен эмес, көк менен бараткандай, бактыдан башым айланып бараттым...

Байнар, Аламүдүн району
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер