Акыркы кабарлар
22:58
» Коом » 16 жаштагы кыз телефон кубаттагычы менен өз жанын кыюуга аракет кылган
16 жаштагы кыз телефон кубаттагычы менен өз жанын кыюуга аракет кылган
03-сентябрь, 10:10

Бул тууралуу Ысык-Ата райондук коопсуздук органдарынын кызматкерлери билдиришти.
Алардын айтымында, 16 жаштагы кыз Чүй облустук ооруканасына жаткырылган. Анын мойнунда муунтуу белгилери болгон. Маалым болгондой, Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылынын 16 жаштагы тургуну Б.М. уюлдук телефондун кубаттагычы менен өз жанын кыюуга аракет кылган. Бирок аны жакындары убагында байкап калып, ооруканага жеткирилген. Анын өзүн-өзү өлтүрүүгө болгон олуттуу себеби айтыла элек. Белгилей кетсек, 2020-жылы 26-августта Ысык-Ата районунда 12 жаштагы өспүрүм, ага катар ушул эле жылдын 11-апрелинде дагы бир 16 жаштагы кыз өз үйүнүн дааратканасында жанын кыюуга аракет жасашкан.
"Азия Ньюс" гезити