Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жалал-Абад: «Биримдик» ар бир жарандын конституциялык укуктарын ишке ашырат!»

Жалал-Абад: «Биримдик» ар бир жарандын конституциялык укуктарын ишке ашырат!»

16-сентябрь, 15:19
625 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» саясый партиясынын үгүт кербени уланууда. Бүгүн, 16-сентябрда “биримдикчилер” Жалал-Абад шаарынын эли менен жолугушту. Жолугушууга партиянын лидерлери жана талапкерлер катышты. 

Партия тѳрагасынын орун басары Тѳрѳбай Зулпукаров «Биримдик» партиясынын жаралыш тарыхына токтолуп, программасы, максаттары жѳнүндѳ сѳз кылды. «Биримдик» бир адамга байланган партия эмес. Келечекте да байланбайт. «Демократиялык социализм – евразиялык тандоо» деген ураан менен чыгып атабыз. Демократиялык баалуулуктарды тутунуу менен социалдык теңдикке, адилеттүүлүккѳ жетишүүнү кѳздѳйбүз. Евразиялык мейкиндикте ѳзүбүздүн ордубузду таап, кошуна ѳлкѳлѳр менен биримдикте ѳсүп, ѳнүгүүнү жактайбыз. Максатыбыз – ар бир жарандын конституциялык укуктарын ишке ашыруу. Турмуш шарттарын жакшыртуу», - деди Т. Зулпукаров. 

Депутаттыкка талапкер Улукбек Кочкоров биримдик, ынтымак менен бакубат турмушка жетише аларыбызды айтты. Ошону менен бирге министр катары жарандарды социалдык жактан коргоо багытында кылынган иштер боюнча маалымат берди. Ал белгилеп ѳткѳндѳй, министрликтеги уурдалган, максатсыз жумшалган акчаларды туура багытка буруу менен жѳлѳк пулдардын ѳлчѳмүн кѳбѳйтүп, социалдык жактан коргоого алынгандардын санын арттырууга мүмкүн болду. Ошондой эле У.Кочкоров «Биримдик» партиясы Жогорку Кеңешке шайланып баргандан кийин «Стратегиялык пландоо жѳнүндѳ» жана «Мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин иштерине болгон жоопкерчиликтери жѳнүндѳ» мыйзам долбоорлорун сунуш кыла тургандыгын айтты. Аталган мыйзамдар иштей баштаса, мамлекеттик кызматтарга кесипкѳй, билимдүү, системаны түшүнгѳн кадрлар келе баштайт. 

Партиянын ЖК депутаттыгына талапкери, ишкер, меценат Гүлжигит Жумаев ар дайым жумуш орундарын түзүү үстүндѳ иш жүргүзүп келатканын айтып, депутаттыкка да инвестицияларды тартуу менен жумушсуздукту жоюуга салым кошуу үчүн баратканын белгиледи. «Биримдик» партиясынан ѳз ордумду таба алдым. Бул партиянын катарындагылар менен кѳптѳгѳн иштерди жасоого кѳзүм жетти. Биз биримдик менен гана жеңишке жетише алабыз! Ошондуктан «Биримдик» партиясына добуш бериңиздер!», - деди. 

«Биримдиктин» дагы бир талапкери, ЖКнын учурдагы депутаты Айнура Осмонова жалал-абаддыктарды туура тандоо кылууга чакырды. Партиянын максаты – бюджеттин ачыктыгын камсыз кылуу менен элдин турмушун оңдоо экенин белгилеп ѳттү. 

Жаш талапкерлерди бири Руслан Калматов «Биримдик» партиясы башка партиялардан айырмаланып, реалдуу, ишке аша турган убадаларды берип жатканын белгилѳѳ менен партиянын курамына кесипкѳйлѳр, колунан иш келчүлѳр чогулганына токтолду. Анын белгилѳѳсүндѳ, мына ушул жагдайлар партияны колдоого алууга себепчи болот. «Сиздердин колдооңуздар менен «Биримдик» партиясы Жогорку Кеңешке шайланса, берилген убадалардын баары аткарылат, элдин турмушу жакшырат. Андыктан 4-октябрда «Биримдикке» добушуңуздарды бериңиздер!», - деди. 

Мындан сырткары, ЖК депутаты, талапкер Максатбек Эгембердиев сѳз сүйлѳп, «Биримдиктин» курамында татыктуу, буга чейин эл үчүн кѳптѳгѳн иштерди кылышкан инсандар чогулганын айтып, партияга добуш берүүгѳ чакырса, Жалал-Абад шаарынын жаштарынын атынан сүйлѳгѳн Мирлан Шамаматов шаардын жаштары биримдикти туу туткан «Биримдик» партиясын колдой турганына ишендирди. Жолугушуунун соңунда талапкерлерге бата берилип, партиянын гимни жаңырды. 


«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер