Акыркы кабарлар
22:58
» Коом » Абылгазиев: “Биздин анализ боюнча кээ бир бизнестер жабылат”
Абылгазиев: “Биздин анализ боюнча кээ бир бизнестер жабылат”
01-май, 13:07

Коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстанда 1 миллиондон ашык киши убактылуу ишин токтотуп, жумушсуз отурат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
«Алар жумушка чыккандан кийин деле бизнесинде өзгөрүүлөр болот. Кээ бири жабылат. Биз ушунун баарын анализ кылып жатабыз», - деди өкмөт башчы.