Эмнеге Медербек Сатыевди соттор кабыл албай атышат?

Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевди жалпы коллективи кабыл албай, интрига ырбап, карама-каршылык күчөп баратканы эмнеден кабар берет? Реалдуу түрдө тазалыкты, ачыктыкты талап кыла албай, багыт берүүдөн аксап, өзү үлгү жаратпаса, анан кантип алдыга жылуу болсун? Сотторду тандоо кеңеши, судьялар арасында Медербек Сатыевди колдоого алышпай, тирешүү күчөй берсе, жакында ачык каршылашуу менен жаңжалдар орун алабы? Бул таризде “ичтен ирүүнүн” маңызы эмнеде? Иралды Медербек Сатыев системанын башына келгени коррупция, паракорчулук токтогон жок да, туурабы? Тымызын алдым-жуттумдук орун алып, адам укугу тебеленип, адилеттүүлүк, калыстык көрүлбөй атканын кантебиз? Айтор, кейиштүү соболдор арбын. Таңгаласың. Жогорку соттун ишпалдасын чыгаргыча, карап отура бересиңерби? “Кол ийрисине тарткан” кадрды эмес, эл ичинен чыккан чыныгы профессоналды дайындашканда, мындай келишпестик орун албайт эле.
"Азия Ньюс" гезити