Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тил үйрөнүүдөгү тоскоолдуктар жана андан кутулуунун жолдору

Тил үйрөнүүдөгү тоскоолдуктар жана андан кутулуунун жолдору

05-январь, 19:30
472 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

XXI кылымда англис тилинин дүйнөлүк муктаждыгы кеңейгендиктен, бул тилди үйрөнгүсү келгендер да көбөйүүдө. Бирок, көпчүлүк учурда канчалык аракет кылып окуса дагы тийешелүү жыйынтык албай, тилди үйрөнбөгөндөр арбын. 

Тил тоскоолдуктары – бул тил үйрөнүүдө пайда болгон кыйынчылыктар. Башка аныктама боюнча бул сүйлөөчү өзүн түшүндүргөндө пайда болгон кыйынчылыктар, же тескерисинче, угуучу башка бирөөнү угууда болгон кыйынчылыктар. 


Тил тоскоолдуктарынын пайда болуусунун себептери: 

-- эрежелерди жана сөздөрдү жаттоодогу кыйынчылыктар; 

-- сүйлөө практикасынын аздыгы; 

-- активдүү жана керектүү сөз топтомунун аздыгы; 

-- сүйлөөгө туура эмес жол тандоо (мисалы, сөзмөөз которуу);

-- туура эмес айтуудан коркуу; 

-- туура окуудагы кыйынчылыктар. 


Иркутск энергетикалык колледжинин (УИФ ГБПОУ) студенттеринин арасындагы сурамжылоонун жыйынтыгында: 

-- 70% студенттер англис тилин көп убакыттан бери окушат;

-- 75% студенттер англис тили келечекте керек болот деген ойдо;

-- 35% студенттер узак убакыт анлис тилин окуудан кийин туура окуудан тартынбай калышкан;

-- 37,5 % студенттер англис тилинин орфографиясын жакшы билишпейт; 

-- 70% студенттердин узак убакыт окуудан кийин сөздүк топтомунун аздыгы билинген;

-- 35% студенттер туура эмес окуудан жана сүйлөөдөн коркушпайт; 

-- 55% студенттер өзүнүн оюн англис тилинде кенен айтып үйрөнгүсү келет; 

-- 37,5% студенттер мектеп программасы англис тилин толук үйрөнүү үчүн жетишсиз деп эсептешет;

-- 35% студенттерге англис тилин түшүнүү оңой.


Төмөндө тил тоскоолдуктарынан арылуу жана тез сүйлөө үчүн кеңештер: 

-- үндү чыгарып окуу; 

-- үндү чыгарып сөз жаттоо; 

-- грамматикалык оңой сүйлөмдөрдү үндү чыгарып кайталоо; 

-- тексттин өзүн жана аудиосун бир учурда угуп, кайталап окуу;

-- бир эле сөз менен оңой сүйлөмдөрдү түзүп, оозеки кайталоо.  


Тил үйрөнүүнүн эрежелери: 

-- максат коюп окуу; 

-- кайсы деңгээлге жетүүнү каалаганыңызды билүү

-- сөз жаттоодо сөздөрдү дептерге көчүрүп жазуу пайдалуу, себеби ал сиздин көрүү эс-тутумуңузду жакшыртат; 

-- сөздөрдү үндү чыгарып жаттоо;

-- текстти үндү чыгарып окуу;

-- тилди үзгүлтүксүз, дайыма окуу.  

Бул практика менен бирге сиздин угуу жана көрүү эс-тутумуңуз жакшырат. Андан тышкары, сиздин мээңиз, тилиңиз жана көзүңүз англис тилин оңой кабыл ала баштайт. Жыйынтыгында, сиз баардык тил жөндөмдөрүңүздү чогуу алып кетесиз. 


Аида Саттарова

Тел.: + 996776097653 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер