“Милицияны эрим дебе...” дегендей, кызганычка батып баратам

Менин көйгөйүм – бул күйөөмдүн кылыктары. Ал милиция болуп иштейт. Жакында башка облуска которулду. Аны менен кошо көчүп келдик, бизге мамлекеттен төрт бөлмөлүү үй берди. Күйөөм менен кесиптеш болуп дагы бир милиционер кошо жармашып жашай баштады. Башында жакшы эле күн кечирип жатканбыз. Бир күнү ошол биз менен жашаган милиционер аялын алып келмечки болду. Анткени анын ата-энеси Москвага кетип, ал үйүндө жалгыз калыптыр. Ошентип аялын дагы алып келди. Аябай сулуу, бети аппак, көздөрү бакыракай экен. Кирпик чаптап алыптыр, кыскасы, укмуш чырайлуу. Мен дагы биринчи көрүп суктандым. Бирок ошол келин келгенден бери күйөөм өзгөрдү. Дайыма ал келинди суктанып карайт, ал учурашса, күлүп, жыртайып эле өзүн жоготкондой. Анын жасаган тамактарын мактап жейт, а мени көрөйүн деген көзү жок. “Шопурду эрим дебе...” деген лакап бар беле? Милиция деле ошондой окшойт. Эркектер эмнеге мындай жеңилсиңер?..
Айгүл
"Азия Ньюс" гезити