Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Буркурап боздой бербе, сезимдерим, Базардан кайтып калган кезим менин”

“Буркурап боздой бербе, сезимдерим, Базардан кайтып калган кезим менин”

16-сентябрь, 19:14
5 556 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Кыргызстан” партиясы менен шайлоого аттанып жаткан журналист кыз Индира Куралбекова баракчасына төмөндөгү ырды калтырып, ички сезимин жарыялады:

Толгонуп толкундаба, сезимдерим,

Тагдырга башымды ийген кезим менин.

Таалайсыз максаттардан өксүбөгөн,

Тагдырым билгендердин эсиндемин.


Буркурап боздой бербе, сезимдерим,

Базардан кайтып калган кезим менин.

Бааласын-баалабасын башка бирөө,

Баркымды билгендердин эсиндемин.


Кайгырып, капаланба, сезимдерим,

Карайлап жүдөп турган кезим менин.

Кааласын-каалабасын башка бирөө,

Кадырым билгендердин эсиндемин.


Саргайып санаарканат сезимдерим,

Санаадан жүдөп турган кезим менин.

Сан миң эл кайратымды ширеп турат,

Сырымды билгендердин эсиндемин.

Баардык каалоо-тилектер үчүн сиздерге терең ыраазычылык билдирем. Бар болуңуздар. Баарыңарды жакшы көрөм!”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер