Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бегалы Наргозуев: “Конституциянын долбоорунун негизги өзгөчөлүгү – бул аткаруу бийлигин ким түзгөнүндө”

Бегалы Наргозуев: “Конституциянын долбоорунун негизги өзгөчөлүгү – бул аткаруу бийлигин ким түзгөнүндө”

05-март, 13:41
1 348 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бегалы мырза, учурда жаңы Конституциянын долбоору боюнча элге маалымат, талкуулар керек болуп турат. Башмыйзам долбоору тууралуу сиздин да кеңири аналитикалык ой жүгүртүүңүздү уксак?

-- 10-январда кыргыз бийлиги акыркы 30 жыл ичинде биринчи жолу элден “кандай башкаруу системасын тандайсыңар: президенттикпи же парламенттик системаныбы?” деп сурады. Буга чейин биз Конституцияны 9 жолу өзгөртүп алмаштырганыбызда президенттер, саясый топтор элден сурабай эле “биз айткандай болот” деп өздөрү каалагандай Конституцияны жазып, административдик жана каржылык ресурстарды пайдалануу менен күчкө салып өткөрүп алышчу. 

Айрыкча 2010-жылы Убактылуу өкмөт кыргыз мыйзамдарын одоно бузуп, өздөрү жазган (шарттуу түрдө “Текебаевдин Конституциясы” деп аталат) Конституцияны көз боёмочулук менен өткөрүп алышкан. Ал учурда кандуу, куралдуу төңкөрүштөн кийин өздөрүн Убактылуу өкмөт деп жарыялаган саясый топ Кыргыз мамлекетинин Конституциясын одоно тебелеп, өздөрүнүн мыйзамсыз декрети менен референдум жарыялап, чет өлкөлөрдөн “Конституция жазабыз” деп 7 млн. доллар грант алышып, Венециялык сунуш берүүчү күчкө гана ээ болгон комиссияга жага тургандай кылып, Украинанын Конституциясын көчүрүп алып, ага айрым өзгөртүүлөрдү киргизип, Кыргызстанды “парламенттик өлкө болот” деп жарыялап, элди алдашкан. 

Конституция боюнча ал кезде (2010-жылы апрелде) Конституцияны өзгөртүүнүн бир эле мыйзамдуу жолу калган – ал жаңы Конституцияны кыргыздын 30 миңден кем эмес жарандары кол чогултуп демилгелей алмак. Бирок мыйзамды сыйлабаган Убактылуу өкмөттүн бир ууч мүчөлөрү 30 миңден кем эмес кыргыз жарандарынын укугун өздөрүнө ыйгарып алып, бийликти узурпациялап, элден сурабай, өздөрү каалагандай Конституциянын жаңы долбоорун демилгелеп, өздөрүн кошуп конституциялык кеңеш түзүп, ал кеңешти Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Текебаев жетектеп, парламенттик башкаруу системасынын Конституциясын жазышкан. Ал кездеги конституциялык кеңештин айрым мүчөлөрү кийин “Текебаев конституциялык кеңеш жазган жана бекиткен Конституциянын долбоорун тымызын жол менен өзү каалаган тексттер жана нормалар менен алмаштырып коюптур” деп сотко беришип, бирок ал кезде Текебаев менен анын Убактылуу өкмөттөгү бандасы бийликте турушкандыктан сот карабай койгон. 

2010-жылы 7-апрелде куралдуу мамлекеттик төңкөрүш болгондуктан мыйзам демилгелөө укугуна эгедер 4 субъекттен: президент куулуп, парламент таркатылып, өкмөт отставкага айдалып, жалгыз гана 30 миң жарандан турган демилгелүү топ гана жаңы Конституцияны долбоорун демилгелей алмак. Бирок Убактылуу өкмөт мыйзамды уруп ойнобой, өздөрү демилгелеп Конституция жазып, күчкө салышкан. Бул боюнча азыр юристтер Убактылуу өкмөттү сотко берүүгө документтерди даярдап жатышат. Ошондой эле Башмыйзамдагы “Өзгөчө кырдаалдар учурунда референдум өткөрүүгө тыюу салынат” деген норманы Убактылуу өкмөт тебелеп-тепсеп, Ошто жүздөгөн адамдар өлтүрүлгөн улут аралык жаңжалга карата киргизилген өзгөчө кырдаалдарга карабай мыйзамды бузушуп, 27-июнда референдум өткөрүшкөн. Өзгөчө кырдаалды бир күнгө токтотуп, кайра киргизип коюунун өзү кылмыш болгон.


Бир эле мисал келтирейин, Аксы районундагы Кош-Дөбө айыл аймагындагы 6000 добушу бар шайлоо участокторуна ошол референдумга болгону 37 гана киши келип добуш беришкен. Бирок Убактылуу өкмөттүн мүчөсүнүн жаңы аким болуп шайланган райондогу фотограф кайниси айыл өкмөтүнүн аткаминерлерин, шайлоо участкаларынын мүчөлөрүн коркутуп, миңдеген добуштарды кошуп жаздырган. Мындай фактылардын баары азыр иликтенип, юридикалык баа берилиши зарыл.

Ал эми быйыл, 2021-жылы 10-январда өткөн референдумда шайлоого катышкандардын 80%ы “Кыргызстанга президенттик башкаруу системасы орносун” деп добуш беришти. Эч ким добуш берүүдө мыйзам бузууларды таба алышкан жок. Ал эми текебаевчилердин “шайлоого шайлоочулардын 30%ы эле катышты” деп чычалаганы күлкүнү келтирет. Анткени мындай норманы мыйзамга биринчи болуп Текебаев өзү киргизген. 2010-жылы референдум жана шайлоолордо Убактылуу өкмөттү азчылык гана колдоп, шайлоого келерин сезишип, “шайлоого канча киши келсе да шайлоо өттү” деп эсептелет деген норманы киргизишкен. Тагыраак айтканда, ошол 2010-жылы референдумга Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсү гана катышып, добуш беришсе да шайлоо өттү деп эсептелмек.  Бул Убактылуу өкмөттүн өзүнө-өзүнө ишенбегендигинен, элдин колдоосу жоктугун сезгенинен аргасыз киргизилген норма.

-- Конституциядагы негизги өзгөчөлүк – бул өкмөттү же аткаруу бийлигин ким түзгөндүгүндө, анан көзөмөлдөгөнүндө да болуп жаткандай...

-- Парламенттик системада аткаруу бийлигин же өкмөттү парламенттик шайлоодо эң көп добуш алган партиянын парламенттеги фракциясы же фракциялардын коалициясы түзөт. Ошондуктан 2010-жылдан кийин парламентке жеңип келген КСДП Атамбаевди алгач премьер-министр кылып шайлап, өкмөт түзгөнгө жетишти. Андан кийин дагы бир жеңүүчү партия “Ата Мекен” өзүнүн тизмесиндеги Жоомарт Оторбаевди премьер-министрликке шайлап, өкмөт түзүшүп, мамлекет башкарышты...

Ал эми президенттик башкаруу системасы болгондо өкмөттү президент түзүп, өзү толук көзөмөлдөш керек. Анткени 10-январдагы референдумда эл таза президенттик система үчүн добуш беришти. Бирок Конституциянын жаңы долбоорунда өкмөттү президент парламенттин макулдугу менен түзөт деген эски нормалар сакталып калып, таза президенттик эмес, президенттик-парламенттик аралаш системанын нормалары киргизилген. Муну бийлик бутактарынын тең салмактуулугун сакташ үчүн киргиздик деп жатышат. Эгер андай тең салмактуулук керек болсо, анда  бул системаны президенттик деп атабай эле президенттик-парламенттик аралаш система деп эле аташ керек болчу.

Дегеле бул долбоордо парламенттин мурунку Конституциядагы ыйгарым укуктары, өкмөт түзгөндөн башкасынын баары сакталып калган. Президент өкмөт түзгөндө, сотторду жана башка бийик мамлекеттик кызмат орундарына кадрларды дайындаганда парламенттин макулдугун алат деген нормалардын баары ошол бойдон калыптыр. 

Парламенттик система деп убада кылынган 2010-жылдан 2017-жылга чейин премьер-министр, анан президент болуп турган Алмазбек Атамбаев парламенттин алдына келип отчет тургай маалымат да берчү эмес. Бул Конституцияда президенттик система экенине карабай “президент жыл сайын парламентке келип маалымат берет” деп жазылыптыр. Ушуну “отчет берет” деп жазышса жакшы болот эле дейбиз, бирок анда ал норма парламенттик системанын талабы болуп калмак. Парламенттик системада бийликтин бардык бутактары парламентке отчет берип туруш керек.

Бул долбоордо парламенттин бийлиги дагы күчөтүлгөн бир норма – бул депутаттын кол тийбестиги кайтарылып берилгени. Эми депутаттар коркпой туруп, президентти сындай алат.  2010-жылдагы Конституцияда Текебаев “коррупция боюнча оор кылмыштарда депутат парламенттин макулдугусуз эле жоопко тартыла берет” деп норма киргизип, өзү коррупция беренеси боюнча камалып кетти. V  жана VI чакырылыштагы депутаттардын “чимкирик” болушуп, президенттердин гана көзүн карап, алардын айтканын гана жасап калганы да мына ушундан. Атамбаев сын айткан эле депутаттын баарын жетелеп барып камай берди. Эми депутат парламенттин макулдугусуз камалбайт, демек, президентке каяша айткандан, сындагандан коркпойт. Бул парламенттин бийлигинин күчөтүлүшү.

Жаңы Конституциянын экинчи бир өзгөчөлүгү – бул “Өкмөттү же аткаруу бийлигин президент башкарат” деген норма Конституцияга биринчи жолу киргизилди. Конституциялык кеңештин мүчөлөрү айтып жаткандай, бул биздин жаңы долбоорго АКШдагы президенттик системанын үлгүсү болгон Конституция негиз болгон. Демек, бизде да АКШдагыдай премьер-министр кызматы жок болуш керек, аткаруу бийлигин же өкмөттү президент жана президенттин администрациясы башкарышы зарыл. Албетте АКШ федеративдүү өлкө, биз болсо унитардык мамлекет, ошондуктан ушул өзгөчөлүктү эске алып, ылайыкташтырылышы мыйзамченемдүү.

Ошондой эле биринчи жолу Кыргызстандын Конституциясында “Аткаруу бийлигинин (өкмөттүн) ишинин натыйжасына президент жооп берет” деген норма киргизилди. Буга чейин “мен кыйынмын” деген Текебаев да мындай чечкиндүү норманы Конституцияга киргизе албаган.  Буга байланыштуу “Президенттин импичменти боюнча нормаларды ишке ашыруу татаал” деген аргументти көп айтышууда. Импичментти ишке ашыруу бул саясый элитанын дараметине гана жараша болот. Эгер саясый элита жалаң “чимкириктерден” турса, кандай оңой мыйзам жазып берсең да аны ишке ашыра алышпайт. Мына 2010-жылы бийликке келишкен саясый элита өздөрү каалагандай Конституция, мыйзамдарды жазышып да, 10 жыл ичинде парламенттик системаны ишке ашыра алышпай коюшту. Ага потенциалы, кудурети жетпеди. Чабалдар экенин көрсөтүштү. Ошол эле учурда президенттик-парламенттик система учурунда 35 депутаттан турган мыйзам чыгаруу палатасынын 10 чакты эле депутаты президентти парламентке чакырып алып, жарга такап, коррупциялык иштерге айыптап, айласын кетирип турушканына элдин баары күбө болгон. Ал эми 120 депутат эмнеге жарады?  Ошондуктан президенттин импичменти тууралуу нормаларды ишке ашыруу ал парламенттин сапаттык курамына жараша болот.

Конституциядагы дагы бир өзгөчөлүк – бул “эгер президент парламенттин жана соттун ишине кийлигишсе, ага импичмент жарыялоого негиз болот” деген норма биринчи жолу Конституцияга киргизилди. Мындай норманы буга чейин Конституция жазгандар президенттен коркушуп, киргизе алышкан эмес. Ал эми бул нормаларды ишке ашыруу жогоруда мен айткандай парламенттин сапатынан болот.

Мындай өзгөчөлүктөрдү санай берсе кагаз түтпөйт. Бирок “сынчынын сыңар өтүгү майрык” дегендей, кандай гана Конституция жазылбасын, сындагандар чекеден чыгат. Айрыкча акыркы 10 жылда өлкөдө парламенттик системаны ишке ашыра албагандар сынчы болуп жатышат. 

-- Улуттук кызыкчылыктарды көздөгөн кандай саамалыктарга токтолсок болот?

-- Жаңы Конституция жаңы кыргыз тарыхында кыргыз мамлекетинин Конституциясы биринчи жолу кыргыз тилинде жазылып, анан орус тилине которулду. Бул да бир улуттук кызыкчылыкты көздөгөн саамалык. Буга чейин бардык Конституциялар орус тилинде жазылып, анан чала-була кыргыз тилине которулуп, орусчасы менен кыргызчасы кээ бир беренелерде карама-каршы норма жаратып, талашка түшүп келчү. “Мен кыйынмын” деген Текебаев да 2010-жылдагы Конституциясын орус тилинде жазган, анткени грант берүүчүлөр тымызын сунуштаган Украинанын Конституциясы орус тилинде болгондуктан, ошону эле Кыргызстанга ылайыктап, жамап-жуктап, орус тилинде эле даярдашкан. Кийин кыргыз тилине которулуп, ал Конституцияда да орусча жана кыргызча версияларында төп келишпеген нормалар болуп келген. 

Коомдун бир бөлүгү улуттук кызыкчылык катары – курултайдын Конституцияга киргизилишин айтып жатышат. Бирок мен Конституцияда же курултай же Жогорку Кеңеш, экөөнүн бири гана калыш керек деп эсептейм. Жогорку Кеңешти эки палаталуу кылып, жогорку палатаны курултай деп атап, эл өкүлдөрү бир мандаттуу округдардан шайланып келип, ошол палатада иштеши керек. Ал эми төмөнкү палата – мыйзам чыгаруу палатасы партиялык принцип менен шайланып,  мыйзамдардын үстүнөн иштөөсү зарыл.

Ошол эле учурда Конституциянын жаңы долбоорунда курултайды мамлекеттик башкаруу органы эмес, коомдук байкоочу орган деп атап туруп, коомдук уюмга Мыйзамдарды демилгелөө укугу  жана Сотторду тандоо кеңешине катышуу укугу берилгени таңгалычтуу.

Мыйзамдарды демилгелөө укугу 2016-жылдагы өзгөртүүлөргө чейинкидей: президентте, парламентте, өкмөттө жана 30 миң кыргыз жаранында гана болуш керек. Ал эми азыркы долбоордогу прокуратура, сот жана курултайдын мыйзам демилгелөө функциялары алынып салыш керек деп ойлойм.

Дагы бир айта кетчү нерсе, биз кыргыздар IX кылымда гана, бизди ажо (азыркыча президент) башкарып турганда гана күчтүү мамлекет – Улуу кыргыз каганатын түзүп,   уйгур, түрк каганаттарын жеңип, империя деңгээлине көтөрүлүппүз... Андан кийин бийлик талашуу башталып, мамлекетибиз талкаланып, 1000 жылдан ашык ар кандай империялардын колониясы болуп келип, 1991-жылы гана көз карандысыздык алып, өзүбүздүн улуттук көз карандысыз мамлекетибизди куруунун үстүндө изденүү жолундабыз. 1991-жылдан 2010-жылга чейин президенттик-парламенттик аралаш башкаруу системасын көрүп, бизге жакпады. 2010-жылдан 2020-жылга чейин парламенттик башкаруу системасы өлкөнүн мамлекеттүүлүгүнө чоң шек келтирди. Терең саясый жана экономикалык кризистерге алып келди. Мародёрлуктун, рейдерликтин, коррупциячылдыктын үлгүлөрүн көрсөтүштү. Эми эл таза президенттик башкаруу системасын тандап, көрөлү деп жатышат. Бир кезде Улуу кыргыз каганатын түзгөн, азыр 7 миллионго жакын илим-билимдүү калкы бар элдин ичинен кантип бир реформачыл лидер чыкпасын? Ататүрк сыяктуу кыргыз мамлекетин бекемдеп, гүлдөп-өсүүгө алып бара турган лидерлер чыгат деп үмүт кылып туралы.

-- Саясатчы Адахан Мадумаров видеокайрылуу кылып, сот системасы, өкмөттүн жаңы түзүлгөн структурасы тууралуу бир топ сындарды айтыптыр, сиз бул боюнча кандай пикирдесиз?

-- Кыргызстанда 7 миллиондой калк болсо 7 миллиондой пикир чыгат. Ал эми көрүнүктүү оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаров албетте өзүнүн пикирин айтат. Бирок мен билгенден Мадумаров көп жылдардан бери таза президенттик башкаруу системасын жактап келет. Бирок кайрылуусунда Конституциянын жаңы долбоорун супер президенттик, катаал системанын Конституциясы болуп калыптыр. Бир адамдын жеке бийлигин орнотот таризинде айыптап жатат. Ошол эле учурда азыр Мадумаровдун “Бүтүн Кыргызстан” партиясындагы оң колу, кеңешчиси болуп жүргөн Ишенбай Кадырбеков “Конституциянын жаңы долбоору өтө жумшак болуп калыптыр, президенттик системада президенттин бийлиги абсолюттуу болуш керек. Өкмөттү, сотторду, генпрокурорду парламенттин макулдугусуз эле өзү дайындаш керек. Конституциянын жаңы долбоорунда президенттик система эмес, парламенттик-президенттик системанын нормалары кирип калыптыр, баарына эле парламенттин макулдугун алыш керек экен, ушул да президенттик система болобу?” деп дебаттарда талашып жүрөт. Бир эле “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын алдыңкы сабында турган эки мүчөсү бири-бирине карама-каршы пикир айтып жатышат. Бул жанагы мен айткан, өлкөдө канча жаран болсо ошончо пикир бар дегенди далилдейт. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер