“Бийлик демократияны, сөз эркиндигин чектесе, мыйзам алдында жооп берет”

-- Бийлик сын-пикир айткандарга, оппозициялык маанайдагы билдирүүлөргө чектөө жасап жатат. Мындай аракеттерге кандай баа берсек болот?
Турсунбек Акун:
-- Бийликтин сын-пикир айткандарга, оппозициялык билдирүүлөргө чектөө салган аракетин колдой албайм. Аны туура эмес, жаңылыш кадам катары эсептейм. КР Конституциясынын 1-беренесинде: "Кыргыз Республикасы – эгемендүү, демократиялык, укуктук мамлекет" деп ачык жазылып турат. Ушул эле Конституциянын 32-беренесинде “Ар бир адам өз пикирин эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу” деп жазылып турат. Ошондуктан бийлик демократияны жана сөз эркиндигин чектесе, анда Конституцияны одоно бузган болуп саналып, мыйзам алдында жооп берүү зарылчылыгы келип чыгат.
Ошон үчүн кыргыз бийлиги жана укук коргоо органдары Конституцияны жана мыйзамдарды бузбай, укуктук талаадан чыкпаган аракеттерди көрүүсү зарыл. Мен бул тууралуу ушул жылдын 27-февралында президентке жолугуп, өзүнө да эскерткен элем. Бирок демократияны, сөз эркиндигин ашыкча пайдаланып, оозуна келгенди оттогон адамдар жана жаштар чыгып, убагында биз түптөгөн демократиялык коомдун баркын кетирип жаткандыгы да өкүнүчтүү. Алар убагында "Реакция" деген уюм түзүп алышып, ар жума сайын пикет, митинг уюштуруп, бийликке бир жактуу асылып, демократиядан жана сөз эркиндигинен обу жок пайдаланышты. Эми ошолордун азабын азыр тартып жатабыз. Ошондо пикетке чыккандар азыр бийликке барышып, Акүйдө иштешип, бизнес тармагына өтүшүп, байышып, демократияга жана сөз эркиндигине каршы аракеттерди көрүп жатышканы коомчулуктун кыжырын келтирүүдө.
Ал эми чыныгы демократиялык жолдогу адамдар эч өзгөрүлбөй, кызматтарга барбай, өз позициянын сатпай, өз демократиялык принцибинен тайбай келе жатышат.
Мавлян Аскарбеков:
-- Азыркы бийлик Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбековдордун катасын эстен чыгарбаса экен дейм. Өзүм билемдик, көзүн май басуу, үй-бүлө, жеке кызыкчылыктарды жогору коюу, кошоматчы, конъюнктурщиктерди, жансакчы, шопурларды топтоп алгандыктын, сөз эркиндигине, оппозициялык пикирге куугунтук кылуунун аягы эмне менен бүткөнүн баарыбыз жакшы билебиз. Кыргызстанда расмий эмес маалыматтар тез тарайт, ким эмне менен алектенип жатканы, маселе кандай чечилгени, айтор, калыстык, акыйкаттык, мыйзамдуулук жолундабы же түшүнүк болуп жатканы элге билинип калат. Ошол эле учурда оппозиция да конструктивдүү, калыс болушу шарт. Өзүн оппозиция атап алып, бийликтин кылган баардык аракетин жамандоо, элге жагуу максатында популизм менен алектенүү туура эмес. Бийлик тарабынан эл арасында популярдуу эмес, бирок мамлекетибиздин келечегине керектүү чечимдерди жапырт колдообуз керек.
Рита Карасартова:
-- Бийликтин табияты ушундай окшойт, келген бийлик өз мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, алардын ишине сын пикир айткандардын оозун жаап, “мактагандар эле болсо экен” деген ниетте болот экен. Мындай сыпат адамдарга деле жарашса керек. Айтайын дегеним, адамдардын баары эле мактоого муктаж болуп, көкөлөтсө жыргап, бирөө сындаса жаман көрүп калат го. Бирок, бийлик бир нерсени түшүнбөй жатат. Бийлик адамдардын акчаларын салык катары алып, колдонуп жаткандан кийин элге кызмат көрсөтүшү керек. Адам көрсөтүлүп жаткан кызматка нааразы болсо, сын пикир айтканга укуктуу. Анткени, кызматын кылганга бийликти жумушка алганы үчүн салык төлөп жатышат.
Бийликтегилер мамлекеттик кызматка келип, “бийлик” атка конгондон кийин элдин кулу болушат. Алар элге иштегени келген соң, ачык-айкын эмгек өтөшсүн, маалыматты так жеткирип, элдин нааразычылыгынын эске алып, ишти жакшыртуунун аракетин жасашы керек.
“Тар коридор” деген китептин авторлору “эмне үчүн кээ бир мамлекеттер байып, кээ бири артта калат?” деген суроого жооп издешип, өнүккөн мамлекеттердин өнүгүү жолдорун жазышыптыр. Күчтүү мамлекет болуш үчүн таасирдүү жарандык коом керек экенин, жарандары билимдүү, коому күчтүү болсо, мамлекет өнүккөн өлкөгө айланарын баса белгилешиптир. Демек, оозубузду жаап, “камап коём” деп коркуткан иш аракеттер эч качан жакшылыкка алып келбейт. Абалды гана курчутат.