Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жээнбековдун айылдагы үйүнүн сүрөттөрүн Молдокасымов чыгарды

Жээнбековдун айылдагы үйүнүн сүрөттөрүн Молдокасымов чыгарды

16-октябрь, 03:13
8 938 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бул үй бүгүн эле кызматтан кеткенин билдирген Сооронбай Шариповичтин Кара-Кулжадагы үйү. Туура үч жылдан бери үйүнө барып кеңири уктай да элек болчу. Ага протокол деген балекет жол берчү да эмес. Эми өз кызматынан элинин амандыгын, мамлекеттин бүтүндүгүн, тынчтыкты өйдө койгон ээсин бул үй чыдамсыздык менен күтүп жаткан учур. Өз өлкөсүнөн өңгө жакка качып баш калкалап калбаганына, түбөлүк зарыга күттүрбөй калганы үчүн жансыз үйгө жан бүтүп сүйүнүп жаткандыр...

Айтат турган, жаза турган көп сөз бар эле, ансыз да жаны ачып турган ажонун жарасына түз сеппейин, жай турмушта айтайын деп токтоттум...

Бул сүрөттү туура 50 күн мурда короолош жашаган эң кенже карындашым менен күйө баламдын үйүнө барганда тартып алдым эле. Эмнегедир бүгүн бөлүшкүм келди. 

Болгону, эң кайгырганым, айрымдардай жакын кудалык мамилемдин да пайдасы тийбей 3000 жылдык карт тарыхыбызды изилдөөгө бир жылдан бери бир тыйын бөлдүртө албай үзгүлтүккө учураганы болду!” деп тарыхчы Кыяз Молдокасымов жазып чыкты.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер