Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Үйлөнгөндөн бери бизге нике кыйыла элек...
Үйлөнгөндөн бери бизге нике кыйыла элек...
30-август, 17:25
2 417 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Турмушка чыкканыма эки ай болду. Бирок үйлөнгөндөн бери бизге нике кыйыла элек. Күйөөмө “нике кыйдыралы, күнөөгө батып атабыз, жеп-ичкенибиз арам, тапканыныбыздын берекеси жок болот” деп дайыма айтам. Күйөөм “ана-мына” деп ар шылтоону айтып жүрө берди. Үйүндөгүлөр да унчукпайт. Анан кечээ күнү кечинде да “нике кыйдыралычы” десем, “сага ошол нике эле керекпи?” деп кыйкырып, артты карап жатып алды. Ушинтип арам жашоодо жашап күнөөгө батканча, ажырашып кетсемби деп атам. Кандай кылсам болот?
Айзат