Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Изумрутхан Токсонбаева: “Менин төлгө ташым жакшылыктар тууралуу гана айтып жатат”

Изумрутхан Токсонбаева: “Менин төлгө ташым жакшылыктар тууралуу гана айтып жатат”

29-ноябрь, 18:34
1 527 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Экстрасенс Изумрутхан Токсонбаева менен мурда да эки-үч ирет маек курдук. Бир маегибизде “Кытай тараптан апаат келет, сак бололу” деди. Бул маек гезитке чыккандан кийин түрдүү пикирлер айтылып, ИИМдин 10-бөлүмүнө да алып барып “кытай тамашабы, эмне апаат, кандай кол салуу?” деп суракка алышканы эсимде. Бирок арадан жарым жылдай убакыт өтпөй кытайдан ковид апааты келип, канчалаган кыргыздын мыкты уул-кыздарыбыздан ажырап калдык... Алигүнчө запкысын тартып келебиз. 

Эми алдыбызда чоң сыноо турат. Шайлоо, шайлоонун эртеси кандай болоруна кызыккандар арбын. Шайлоонун эртеңи тууралуу Изумрутхан айымга суроо узаттык. 

-- Саналуу күндөрдөн соң парламенттик шайлоо  өткөнү турат. Өткөн жылкы шайлоодон кийин элдин жүрөгү үшүп калгандай. Бул шайлоо тынч өтөбү? Президентибиз Садыр Жапаров тууралуу төлгө ташыңыз кандай сүйлөп жатат?

-- Менин төлгө ташым жакшылыктар тууралуу гана айтып жатат. 28-ноябрда өтө турган шайлоо тынч, элдин купулуна толо турган шайлоо болот. Өткөн 6-чакырылышка салыштырмалуу, курч, эл үчүн иштей турган, адилеттикти сүйлөгөн адамдар көп келет. 

Садыр Жапаров болгон күчү менен аябай жакшы иштеп берет. Мөөнөтүн аяктайт. Биз көптөн бери күткөн, жашообузду жакшы жашоого бура турган президент Садыр Жапаров экенин төлгө таштарым айтып жатат. Баары жакшы болот. Алдыда көп жакшы иштер ишке ашаары, жол ачылаары айтылууда.

Садыр Жапаров өзүнүн ак жүрөгү, ак мээнети менен эл үчүн иштегенге аракет кылып жатат. Ошол аракети буюрса берекеси менен болот. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер