Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Талантбек Батыралиев, экс-министр: “Бизде ковид күч алып, ар кандай ооруларды козгоп атат”

Талантбек Батыралиев, экс-министр: “Бизде ковид күч алып, ар кандай ооруларды козгоп атат”

10-октябрь, 19:30
600 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Талантбек мырза, акыркы кезде билинбеген менен ковид илдети кайрадан күч алып баштаганы байкалат, бу боюнча сиздин ойду уксак дедим эле?

-- “Ковид такыр эле бизде жок болуп кетти” дегенден абдан алысмын. Ал кадимки эле грипптин бир түрү, таасирин өзгөртүп, мутация болуп, вирустук инфекция катары көп жылдар бою бизде кала бермекчи. Акыркы кезде дүйнө жүзүндөгү элдердин бул илдетке карата мамилеси өзгөрдү, кээ бир мамлекеттерде сасык тумоо сыяктуу жеңил-желпи илдет сыягында туруп атышат. Анткен менен ковид токтоп калган жок. Россиянын көптөгөн аймактарында беткап тагынуу эрежеси күчүнө кирүүдө. Демек, бу да бекеринен эмес. Ал жакта кайрадан күчөп атканынан кабар берүүдө. 

-- А биздечи?

-- Жүрөк кан тамырлар оорусунун адиси катары учурда биздин көптөгөн жарандарыбыз “мындан бир жума мурун 2-3 күн катары менен чүчкүрүп-бышкырып, кургак жөтөл болуп, анын артынан жүрөк оорум козголду” деген кайрылууларынан улам “ковид бизде да күч алып аткан экен, болгону ар кандай штаммдардын мутациялары аркасында өнөкөт ооруларды козгоп атыптыр” деген тыянакка келүүдөмүн. Ошондуктан, дагы бир жолу айтам, ковид илдети бизде жок эмес, бар. Биз ар бирибиз сак болуп, абайлайлы! 

-- Биздин өлкөдө ковид менен ооруган адамдардын саны тууралуу маалыматыңыз барбы?

-- Бар болгону менен бизде ооруган адамдар үйүндө дарыланып атышат. 2020-2021-жылдардагыдай ооруканаларда жок. Жарандарыбыз ооруп калса, ковидге тест же анализ тапшырайын деген ойлору жок. Катталып аткан ковиддин саны абдан төмөн жана чындыктан алыс деп ойлойм.  


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер