Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жайкы катуу ысыктан организмди кантип сактоо керек?

Жайкы катуу ысыктан организмди кантип сактоо керек?

14-июнь, 17:55
547 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ысыкты кантип көтөрүү керек?  Жайкы ысыкта организм чың, акыл-эс жайында калышы үчүн эмнени жеп, эмне ичүү керек? Ысык мезгилде организим тер менен кошо 2 литрден 4 литрге чейин суюктукту жоготот, тер чыкканда аны менен кошо витаминдер жана микроэлементтер чыгып кетет, анын натыйжасында мээ чарчап, шалдыроо абалы пайда болот.  

Бул жоготулган энергияларды кабылына келтирүү үчүн ысык күндөрү туура тамактанып, туура суусундукту ичүү зарыл. 

Эмне себептен газдалган суусундуктарды мындай ысыкта ичүүгө болбойт?  Газдалган суу организмди абдан кычкылдантат, мындай учурда бактериялар үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөт. Ал эми таттуу газдалган суусундук  дененин булчуңдары жана нерв системаларынын иштөөсүнө терс таасирин берүүчү натрий-калийдик балансты бузат. Калий жүрөктүн согушуна жооп берет. Мындай ысык күндөрү организм максималдуу энергия жоготуу менен иштейт. Денени салкындатуу үчүн кенедей эле дисбаланс мындай мезгилдерде ден соолукка зыян келтирип коюушу мүмкүн. 

Жеңил  муздатылган жөнөкөй эле таза сууну ичиңиз, лимон ширесин кошуп койсоңуз болот. Же болбосо жеңил минералданган суу кошуп ичиңиз (дарыланууга арналаган минерал сууларын дозасынан ашырбай, нормасы менен ичүү керек). Ысык аптап күндөрү абанын температурасы 30 градустан ашканда, күнүгө 3 литрге чейин суу ичүү сунушталат.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер