Бакыт Жумагулов, серепчи: “Бийликчил партиялар учурунда дүркүрөгөнү менен кийин жок болуп кетишет”
-- Бир суракка чакырылуу менен акыркы мезгилде бир топ депутаттар мандатынан өз эрки менен ажырады. Бул нерсе парламенттеги позициясы бар депутаттардын азайышына шарт түзүп жаткан жокпу?
-- Мен “позициясы бар депутаттардын баары мандатын тапшырып кетип калды” дегенге кошула албайм. Анткени, парламентте дагы деле өз ойлорун билдирген депутаттар бар. Негизинен парламенттеги жагдайларды эске алып, анализ жасасак, партиялардын кадырынын кетишинен, депутаттардын мандатынан ажырашынан парламенттин жана саясый партиялардын кризиске кептеле баштаганын байкайбыз. Бирок, бул процесс кечээ же бүгүн эле пайда боло калган жок. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери эле саясый партиялардын толук өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк берилбей келе жатат. Айтайын дегеним, кайсы бийлик келбесин, “Алга Кыргызстан”, “Акжол” деген өз партияларын түзүшүп, бийликчил партиялардын калыптанышына шарттар каралып, башкалардын өнүгүшүнө анча маани берилген жок. Бийликчил партиялар учурунда дүркүрөгөнү менен кийин жок болуп кетишет.
-- Балким, бул нерсе керкисинде да, кемтигинде да болгон үчүн ушундай жагдай жаралып жаткандыр...
-- Мен бул жагдайга бир тарапты эле күнөөлөбөйм. Кээде социалисттик партиялар дагы өзүнүн миссиясын аткара албаган жагдайлар болду. “Ата Мекен”, “Социал демократтар” бийликте турганда дагы социалдык маселелерди толугу менен чече алышкан жок. Алар чечпегенди азыр Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев чоң саясый программа кылып алып, ишке ашырып жатышат.
Маселен, Кумтөрдү социалисттик, коммунисттик саясый партиялар эч качан элге кайтаруу, ал жактагы коррупциялык системаларды ачуу боюнча аракеттерди кылышкан эмес. Чынында Кумтөр мамлекет үчүн да, эл үчүн да маанилүү долбоор болчу. Бирок, саясый партиялардын лидерлери партиясын таасирдүү кылуу үчүн коррупциялык схемаларда аты аталган адамдарды катарына кошуп, күмөн жараткандар менен саясый партияларды куруп, бийликке келүү аракеттерин жасашты. Ушунун баарына жогоруда айтылгандай саясый партиялардын, парламентаризмдин да кризисине алып келип, парламенттин алсыз болушуна жол ачышты.
"Азия Ньюс" гезити