Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүйнөнү таңгалдырган үч жыныстуу ымыркай төрөлдү

Дүйнөнү таңгалдырган үч жыныстуу ымыркай төрөлдү

03-апрель, 14:11
1 427 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ирактын түндүгүндөгү Дахук шаарында медицина тарыхында биринчи жолу катталган уникалдуу аномалия - трифаллия менен бала төрөлдү. Бул тууралуу International Journal of Surgery Case Reports медициналык журналына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” жазып чыкты.

Маалым болгондой, ымыркай үч жыныстык мүчөсү менен төрөлгөн. Баланын ата-энеси аны кандайдыр бир шишик катары ойлошкон. Бирок, дарыгерлер баланын бир жана эки сантиметр өлчөмүндөгү кошумча дагы эки мүчөсү бар экендигин аныкташкан. Кошумча жыныс органдары толук калыптанбагандыктан (заара чыгаруучу канал жок болуп калган), хирургдар аларды алып салышкан.

Дарыгерлердин айтымында, операциядан бир жыл өткөндөн кийин баланын ден-соолугуна байланыштуу эч кандай көйгөйлөр жаралган жок.

Бул аномалиянын себеби табышмак бойдон калууда. Дарыгерлер эне кош бойлуу кезинде наркотик колдонгон же баланын үй-бүлөсүндө ушул сыяктуу генетикалык мутациялар болгон (!) деп божомолдошкон. Бирок эки версия тең тастыкталган жок.

Дарыгерлердин айтымыда, мындай аномалия менен төрөлгөн балдар өтө сейрек кездешет. Жалпысынан дүйнөдө жүзгө жакын мындай учур катталган. Бирок, буга чейин эки гана кошумча жыныстык мүчөсү менен балдар төрөлүп келсе, үч жыныстык мүчө менен төрөлгөн наристе биринчилерден болуп кездешип жатат.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер