Акыркы кабарлар
» Коом » Сыймык Жапыкеев: “Финполдун куралдарын кайтарып беришсин, Баткенге барабыз!”
Сыймык Жапыкеев: “Финполдун куралдарын кайтарып беришсин, Баткенге барабыз!”
30-апрель, 01:38

“Урматтуу башкы командачы Садыр Нуркожоевич!
Финансы полициясынын жамааты сизден уруксат сурайбыз. Финполиция жоюлуп кеткенине карабастан, Финполдун толук жамааты Баткенге барып, элибиздин тынчтыгы үчүн, өз жаныбызды аябастан барып баскынчыларга туруштук берүүгө даярбыз.
Финполициянын өздүк курамы штаб, спецназ, оперлер, тергөөчүлөр жана башка офицерлер баарыбыз элибиздин, жерибиздин, мамлекеттибиздин бүтүндүгү үчүн турууга даярбыз жана милдеттүүбүз.
Уруксат бериңиз жолдош президент. Финполдун курал-жарактарын кайтарып беришсин. Биз даярбыз!” деп Сыймык Жапыкеев Фейсбуктагы баракчасына жазды.