Абдывахап Нурбаев: “Сапатсыз бензиндин айынан аба булганып, оорулар күч алды”
-- Сапатсыз күйүүчү майларга тыюу салуу боюнча жакшы демилгени көтөрүп чыгыпсыз?
-- Азыркы убакта абанын кирдешинин негизги себептери ушул болуп жатат. 2019-жылы Жогорку Кеңеште депутаттардан эксперттик топ түзгөнбүз. Жанар Акаев, Евгения Строкова жана мен болуп. Эксперттер изилдеп чыккан соң, негизинен сапатсыз бензинден түтүн көп чыгып жатканы айтылган. Ушунун айынан аба кирдеп, инфаркт, инсульт оорулары кескин көбөйүп, жаш балдар менен кары-картаңдардын дем алуу органдарынын дарттары арбыды. Бул боюнча саламаттык сактоо министрлиги да расмий түрдө билдирген. Эки жолу Бишкекте, Ошто парламентке угуу өткөзгөм. Азыр экологдор да катуу карап жатышат. Анткени аллергиялык, рак ооруларынын көбөйүшү коркунуч жаратууда. Аныгында, абанын булганышынын негизги себептери көмүр менен ушул сапатсыз бензиндер болууда. Кирдүү бензинди Россия, Белоруссия, Казакстан, Армения баары тыюу салышкан. Учурда биздикилер эле колдонуп жатышат. Ошого бөгөт коюу керек.
-- Кантип тез арада тыюу салса болот?
-- Сапатсыз күйүүчү майды (К-2; К-3 бензиндин экологиялык түрүн) колдонууга тыюу салуу; Шаар жүргүнчүлөрү үчүн автобус каттамдарын жакшыртып, бир жерден экинчи жакка бат жетүүгө шарт түзүү; Жөө жана велосипед жүргүнчүлөргө атайын жолдордун куруулуусу, кеңейтүү сыяктуу сунуштарды жолдодум.
Өкмөт бул көйгөйдү чечиш керек. Элдин кызыкчылыгынан булганыч күйүүчү майды саткандарды жогору коюу кантип болсун? Кайсы логикага сыят? Биздин тийиштүү мамлекеттик органдар жана шаар бийлиги көйгөйдү чечүүдө дүйнөлүк тажрыйбаны, илимдин тыянагын карап чыгып, чыгымсыз, батыл иштерди алып баруулары зарыл.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити