Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бекбосун Бөрүбашев: “Жаңы Башмыйзам жазылып бүтүп, Жогорку Кеңешке жиберилди”

Бекбосун Бөрүбашев: “Жаңы Башмыйзам жазылып бүтүп, Жогорку Кеңешке жиберилди”

14-февраль, 11:56
1 549 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бекбосун агай, жалпы элдин 82 пайызы президенттик башкарууну тандагандан кийин Башмыйзам канчалык деңгээлде элдин талабын камтыды? 

-- Туура, акыркы он жылдан бери парламенттик башкаруу сөз жүзүндө, декларативдик түрдө эле болуп келбедиби, а иш жүзүндө мукурап, ошол эле убакта жалпы кыргыз эли эмнени көрдү? Жоопкерсиз, башаламан бийликти көрдү. Мына ошондуктан, 2021-жылдын 10-январындагы референдумда жалпы элдин 80%дан ашыгы президенттик башкарууга макулдугун беришти. Мына биз көпчүлүк катмардын талабына жооп бергендей кылып, президенттик башкарууга ылайыктуу Башмыйзам жазганга аракет кылдык. 

-- Башмыйзамда президенттик башкаруунун парламенттик башкаруудан өзгөчөлөнгөн айырмасы кайсы?   

-- Президенттик башкаруунун эң биринчи өзгөчөлүгү, мамлекеттеги башкаруу системасын президент толук мойнуна алат жана жооп берет. Ушундай жоопкерчиликтүү бийликти элибиз эңсеген, биз ушуга ыңгайлаштырып жаздык. Президент бир эле убакта мамлекеттин да, ошондой эле аткаруу бийлигинин да башында турат. Бул биз киргизген өзгөчөлүк деп айтсак болот. Иштелип чыккан долбоордун беренеси боюнча президенттик администрациянын башчысы бир эле убакта министрлер кабинетинин төрагасы да болот. Мында көп жылдан бери ийгиликтүү ишке ашырылып келаткан президенттик башкаруудагы мамлекеттердин тажрыйбасын да эске алдык. Ошон үчүн президенттин администрациясынын башчысын аткаруу бийлигинин бир бөлүгүнө жооп бергидей кылып жаздык. Аткаруу бийлигинин башында ким турса (президент же парламент), ошого байланыштуу башкаруунун формасы аныкталат. Биздин долбоор боюнча президент турат, а президент өзүнүн администрациясы менен кошо аткаруу бийлигинин ишин алып барат.

-- Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү Башмыйзамдын долбоорун жазып, Жогорку Кеңешке бердиңиздер. Сурайын дегеним, баарыңыздар бир пикирге келип жөнөттүңүздөрбү, же каршы болгондор да болдубу?  

-- Биз негизинен эки жарым ай иштедик. 27-январда добуш берип жатканда 68 адамдын ичинен каршы бир адам болду. Каршы чыгуу бул эми мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Мен баса белгилеп айтып коюшум керек, эки күн катуу талкуу болду, ар кандай ой-пикирлер айтылды, жыйынтыгында көпчүлүк добуш менен кабыл алдык. Ошон үчүн учурдан пайдаланып, конституциялык кеңешменин баардык мүчөлөрүнө терең ыраазычылыгымды билдирип кетким келет. 

-- Кээ бир жумурткадан кыр издегендер “Бекбосун Бөрүбашев башында турган конституциялык кеңешме мүчөлөрү жазышкан Башмыйзамга коомчулуктун өкүлдөрү жакшы катышышкан жок” деп жатышат. Буга кандай жооп айтат элеңиз? 

-- Эми коом болгондон кийин ар кандай ой, сын пикирлер болот экен. Сын айткан жакшы, бирок конструктивдүү болсо мен кабыл алат элем. Биз 20-ноябрдан баштап эки жарым ай иштедик. Баардык убакта биздин эшик ачык болду, ал гана эмес айылдан аксакалдар, жаштар келип жатышты. Аларга да ой-пикир, сунуштарын айтканга мүмкүнчүлүк бердик. Биздин секретариаттын айтуусунда, миңден ашык адам сырттан өз сунуштарын оозеки жана жазуу жүзүндө беришти. Ал эми жогорудагы “бөйрөктөн шыйрак чыгарышкандардыкы” суу кечпеген сөздөр. Албетте, кемчиликтери бар болушу мүмкүн, мен аны жок деп айта албайм. Бул кеңешмеге коомчулук активдүү катышып берди. 

-Элдик курултай институту кандай чечилди?  

-- Биз колубуздан келишинче жаңы Башмыйзамдын долборунда элдин бийлигин күчөткөнгө аракет кылдык. Эл бийлиги конституциялык түзүлүштүн негизги принциби. Коомчулукта чоң талкууга түшкөн элдик курултай институтун “коомдун өкүлчүлүгүнүн жыйыны” деп, макамына жараша айрым бир укуктарды жаздык. Мисалы, “коомдук өкүлчүлүктүн жыйыны мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке демилгелеп сунуштайт” дедик. Андан тышкары, сот бийлигинде сот адилеттүүлүгүнүн кеңеши бар, мына ошол жерге сотторду тандоодо бир адамын өкүл кылып жибергенге укук берип жатабыз. Ал жерде президенттин, Жогорку Кеңештин, соттордун жана элдик курултай институттарынан өкүлдөрү болушат. Мындан башка дагы “министрлер кабинетинен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан ведмостволук жетекчилер жана башка адистер кемчилик кетирсе, кызмат ордун кароого президентке сунуш берет” деп укук алып отурат. Социалдык мамлекетке ылайыктуу катары майыптарга, жетим балдарга, пенсионерлерге жана оорулууларга жеңилдик бергенге жобо жаздык. Ал жобо мурун деле бар болчу, биз аны тереңдетип жазып, убактысын дагы көргөздүк. “Пенсионерлер менен балдардын пособиеси жашоо деңгээлинен берилүүчү акчанын көлөмүнөн кем болбош керек” деп жаздык. Андан тышкары, пандемия учурунда медицинаны көрбөдүкпү, буларды, илим-билим, маданиятты кантип жакшыртуунун жоболорун иштеп чыгып киргиздик. 

-- Эгер Жогорку Кеңеш алымча-кошумча кыла турган болсо, сиздерди автор катары чакырып сурашабы? Себеби, кай бир депутаттар жаңы Башмыйзамды каалашпай жаткандыктарын ачык эле айтып, “алымча-кошумча сөзсүз кылабыз” дегендей шымаланып турушат... 

-- Жаңы Башмыйзам эми Жогорку Кеңештин колунда. Биринчиден, бул биздин долбоор эмес, бул Жогорку Кеңештин долбоору. Себеби, 83 депутат 17-ноябрда ушул долбоорду алып чыгышкан, андан кийин 20-ноябрда конституциялык кеңешме түзүлдү. Ошондо Жогорку Кеңештин 22 депутаты тизмеге кирген. Бирок алардын көпчүлүгү катышкан жок, себебин билбейт экенмин. Бул конституциялык кеңешме президенттин указы менен түзүлгөн, “бул долбоорду алымча-кошумчасы менен иштеп чыгып, бирок концепциясын бузбастан кайрадан Жогорку Кеңешке өткөзүп бергиле” деген указда жобо болгон. Биз ошол миссиябызды аткаруу менен жазып, өткөзүп бердик. Эми Жогорку Кеңеш талкуулайбы же талкуулабай эле кабыл алабы – бул эми алардын иши. 

-- Жаңы жазылган Башмыйзам референдум менен өтөбү же Жогорку Кеңеш өзү эле кабыл алып коёбу? 

-- Бул Башмыйзамдын негизги бөлүмдөрүнө кошумча-алымча кирип жаткандан кийин жаңы болуп эсептелинет. Ошондуктан жалпы элдин катышуусунда референдум аркылуу кабыл алынышы керек деп ойлойм.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер