Келечекте “Ата Мекен”, “Азаттык”, “Бүтүн Кыргызстан” президентти ойлондурат...

Ар бир шайлоонун табияты ушундай. Башталганда эле кайсы лидерлердин, партиялардын даңганы алыс ыргый баштаганы байкалат. Азырынча “Ата Мекен”, “Азаттык”, “Бүтүн Кыргызстандын” эл менен жолугушуулары, ири талкууларды түзө башташканы кеп болууда. “Учкундан жалын тутанат” дегендей, аламандын астында Өмүрбек Текебаев, Ахматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров баштаган “карт бөрүлөр” капсалаң салууга киришишсе, шайлоонун марасына келгенде элестете бергиле. Албетте, оппозициялык партиялар өтүп келиши керек. Тең салмактуулук үчүн. Эң башкысы, парламенттен сырткары президент Садыр Жапаровдун командасында “эски душмандарга” каршы оор калибрдеги саясатчылар, чыгаан журналисттер бир муштумга түйүлө алышабы? Кеп ушул жагында. Азырынча баары бир кылка таризде кетип аткандай. А натыйжада, чыныгы саясый күрөш башталганда, Жогорку Кеңешке жалаң лөктөр келип алышса, аягы кандай болот? Эмесе, президент айланасына белдүү жигиттерди командага алууга мезгил келди го...
"Азия Ньюс" гезити