Сокенин убагында Икрам Илмиянов оңой кутулуп кеткен. Эми “кустурса” болобу?
Алмазбек Атамбаевдин доорунда Икрам Илмиянов өлкөдөгү таасирдүү экинчи фигурага айланып, асмандап жүрүп калган. Башкасын айтпсак да, кадр саясатына, финансылык ресурстарга активдүү аралашканын кантип жокко чыгарабыз? Президенттик аппараттын орун басарлыгына чейин көтөрүлүп, өзүн экинчи “хандай” эле көрүп калган да. Куугунтук жүргүзүүгө да салым кошкону талкууланып келген... Айтмакчы, Сооронбайдын бийлиги учурунда ага карата “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, аз убакытка түрмөгө отуруп чыкканы, жеңил жаза алганы маалым. А эң башкысы, Икрам Илмиянов шопурлуктан олигархка айланганы, мал-мүлккө, бизнеске, элиталык үйлөргө жеткени жалганбы? Күч органдары тыкыр иликтөөгө алышса, төбө чачты тик тургузгандай байлыктары бапырап чыкса керек, туурабы? Эгерде Икрамды “кустурса” бюджетин бир капшыты толуп, бийликтин рейтинги көтөрүлөт беле? Учур талабы ушундай эй!
"Азия Ньюс" гезити