Айзада Жамгырчиева “Макалёнун”... ой, Дастандын эмнесин билип калды?
“ЖК төрөгасы, өлкөбүздүн экинчи адамы Дастан Жумабеков мырза менен! «Күлгөндүн билгени бар» дегендей, мен бир нерсени билгендеймин... Кыргызстан үчүн, анын ичинде Талас эли үчүн кылып жаткан иштерин баалайбыз! Сөз менен эмес иш менен далилдегендер көп болсо арабызда... Жакында жаңы интервью...” деп жазган алпаруучу Айзада Жамгырчиева.
Депутаттыкка аттанган талапкерлер шоу-бизнес тармагына аралашып, жеңил пиардын артынан желпилдеп калышканы жашыруун эмес. Жалаң бай-манаптардан, коммерсанттардан куралган “Кыргызстан” партиясы коомчулуктун кайсы бир катмарын иренжитип турган чагы. Жерге түкүргөндөр арбыды! Ошол эле “Макалё”, “Сексалю” сыяктуу терс каармандар тетири кетишкени жалган беле? Мамлекетибизди уят кылгандан баштары арылбай атышса да, болбой эле кайрадан парламентке жулунушканы кандай?
Элибиз качанкыга чейин акчага алдана берет?..
Aryba.kg