Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » (Сүрөт) «Атаңды союп кетиптир»: Баткенде чак түштө өлтүрүлгөн аксакал

(Сүрөт) «Атаңды союп кетиптир»: Баткенде чак түштө өлтүрүлгөн аксакал

12-сентябрь, 13:51
2 444 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Баткен райондук соту жашы улгайган адамды бычак сайып өлтүрүүгө шектелген адамга карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу соттон кабарлашты.

Айыпталуучу ким?

Айыпталуучу Нармат (аты өзгөртүлдү Н.А.) Баткен шаарынын 1970-жылы туулган тургуну. Аялы менен ажырашкан, 3 баланын атасы, мурда соттолгон эмес. Ага Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен айып тагылган.

Эмнеге айыпталууда?

Тергөөнүн маалматына караганда, Нармат 2019-жылдын 3-августунда болжол менен саат 14:00 чамасында Баткен шаарынын Сайдиман ажы көчөсүндөгү дүкөндө арак ичип алып, мас абалда дүкөндүн жанында турган 79 жаштагы Токтобек (аты өзгөртүлдү Т.С.) менен уруша кеткен. Анан аны муштуму менен уруп жерге жыгып, үйүн көздөй качып кирип кеткен. Андан соң кичине убакыт өтүп, кайра үйүнөн чыгып «Айдарали» базары тарапка жөнөгөн. Ошол маалда алдынан Токтобек аксакал менен Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын 48 жаштагы тургуну Туратбай (аты өзгөтүлдү Т.Э.) тосуп чыгышкан. Ал экөө менен ошол жерде да чырдашып, аларды сабай баштаганда жолдо өтүп бара жатышкан башка адамдар ажыратып коюшкан. Нармат Сайдиман ажы көчөсүндөгү үйүнө кайтып келе жатканда Токтобек аксакал менен Туратбай аны менен чырдашып, үйүнө чейин артынан келишкен.

Экөө анын үйүнөн короосуна кирип барышканда, ошол жерде да чыр болуп, Токтобек аксакал колундагы темир арматура менен Нарматты башына 2-3 ирет уруп жиберген. Нармат үйүнө чуркап кирип, бычак алып чыгып, Токтобек аксакалдын сол колунун ийинин кесип, жүрөк тушуна сайып жиберген. Андан кийин бычакты анын шериги Туратбайды көздөй шилтеген. Бирок ал колдору менен тоскондо, сол колуна бычак тийип кесилип кеткен. Туратбай ошол маалды үйдүн короосунан качып чыгууга үлгүргөн. Нармат болсо жерге жатып калган Токтобекти үйдүн короосунан сыртка сүйрөп чыгарып, тротуарга жаткырып, кайра үйүнө кирип, дарбазасынын эшигинин ичинен кулптап алган.

Нармат өзү эмне дейт?

Ал соттук отурумда айыпталуучу тергөө органы тарабынан угузулган айыбы боюнча күнөөнү мойнуна алган жок. Ал эми иш боюнча төмөнкүчө көрсөтмө берди:

«Мен 4 күн талаада иштеп үйгө келгем. Ошол күнү эртең менен балам базарга өрүк сатканы кетти. Мен үйдө калгам. Үйүм базардын жанында болгондуктан «Магнит» аттуу дүкөндөн 100 грамм арак алып ичкем. Андан кийин бир топ убакыттан кийн дагы 100 грамм арак ичкем. Ал жерден маркум Токтобек жолугуп калып, ал кишини мурда тааныбасам да «арак куюп бересиң» деди. Мен арак куюп бергеним жок. Ал жерде айтыша кеттик. Мен ызы-чуудан алыс болуп эле үйгө келе бергем. Бир аздан кийин кайра көчөгө чыктым. «Магнит» дүкөнү менен менин үйүмдүн аралыгы 150 метрдей эле. Ал жерде Туратбай да жүрүптүр. Ал дагы жолугуп, «арак куюп бересиң» деди. Мен арак куюп берүүдөн баш тарттым. Маркум Токтобай да ошол жерде жүргөн экен. Мага ар кандай жаман сөздөрдү айтып асыла беришкендиктен, маркумдун колунда таш бар экен, таш менен мени уруп жибербесин аларды түртүп салып өтүп кеткем. Мени алар артымдан калбай ээрчип, ызы-чуу сала бергенинен мен алардан качып жүрдүм. Анан үйгө келе жатсам мени көрүп дагы артымдан ээрчип келишти. Мен үйгө кирсем Токтобек менен Туратбай артымдан келип, үйгө кирип келишти. Туратбай жаман сөздөр менен сөгүп, колундагы темир менен башыма 3-4 жолу уруп жиберди. Башым жарылып, бети-башым кан болуп, башым айланып, колум менен аккан канды токтотконго аракет кылдым. Ага да болбогондуктан үйдүн коргонунун дубалдарын кармап, эптеп унаанын жанына барып, алым кетип отуруп калдым. Башымдан кан агып токтобой жатты. Ошол убакта маркум Токтобек аксакал Туратбайга «эмне кылып койдуң, милиция эми экөөбүздү камайт» деп айтышып мушташа кетишкен. Ошол жерде Туратбай Токтобекти уруп, короонун ичинен качып чыгып кеткен. Ал экөө тең мас абалда болушкан. Мен өзүмө бир аз келип карасам Токтобек аксакал башын жерге салып, дубалга жөлөнүп онтоп отурган экен. Мен ал жерден аны сүйрөп короонун сыртына алып чыгып, тротуарга жаткырып койдум. Короонун сыртында эч ким жок экен эле. Ал ошол убакта тирүү болчу. Эч жеринде кан жок эле. Мен кайра үйгө кирип, короонун дарбазасын кулптап үйгө кирип кеттим. Себеби ал экөө дагы кирип кетишпесин деп ойлодум.

Кийин дарбаза такылдады, милиция келген экен. Алар мени кармап, «ооруканага алып барып башыңды тиктиребиз» дегенде мен баш тартып, башымдын жарылган жерин тиктиргеним жок. Тергөө мезгилинде мага далил буюм бычакты көрсөтүшкөн жок. Далил буюм деп табылган бүктөмө бычак экен. Андай бычак менин үйүмдө жок болчу. Себеби ал үйдө балам экөөбүз эле жашайбыз. Аялым менен ажырашып кеткем. Ошондуктан үйдө эмне бар, эмне жок экендигин мен толук билем. Туратбайдын колунда пакет бар эле. Үйгө ошол пакети менен кирген. Ичинде эмне бар экендигин коргон эмесмин. Менин бул жерде айыбым жок. Андыктан мени актап берүүнү суранам».

Маркумдун жакындары эмне деди?

Сот отурумунда Токтобектин аксакалдын уулу Муратали (аты өзгөртүлдү) ага атасынын өлгөнү тууралуу кабарды Улукбек деген агасы айткандыгын билдирди. Окуя болгон күнү ага Улукбек деген акеси телефон чалып, «атаңды Баткенде союп кетиптир» деп кабар айткан. Кабарды угуп эле Баткенге ооруканага келген. Атасынын денесин өлүк сактоочу жайдан алып кетип, эртеси жерге берген. Ал айыпталуучуга мыйзам чегинде жаза берүүнү суранды.

Токтобек аксакалдын иниси Надырбек дагы агасынын денесине кароо жүргүзгөндө анын ичине көп кан уюп калганын көргөндүгүн айтты. Жүрөк тушуна сайылган бычактын тагын жана бир колу бычак менен 10 см кесилип кеткенин көргөн. Надырбек дагы айыпталуучу Нарматка карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранды.

Маркумдун кызы атасы бир аз ичип коерун, бирок эч ким чырдашчу эместигин айтты.

Туратбай эмне дейт?

Туратбай ошол күнү саат 12:30 чамасында Баткен шаарынын «Магнит» дүкөнүнө кирип 100 грам арак ичип сыртка чыккандыгын, ошол учурда райондун Кызыл-Бел айылынын тургуну, Токтобек таякеси жерде жыгылып жатканын көргөнүн айтты. Анын жанына барып ким урганын сураганда, ал жанынан өтүп бара жаткан Нарматты көрсөткөн. Ал жол жактан кайрылып келе жатканда тосуп алышып, «тагамды эмне себептен урасың?» деп сурап жатсам Токтобек таякем келип калганда аны бир урду. Ал жерге жыгылды анан мага атырылып калганда башкалар ажыратып коюшту. Нармат андан кийин басып кетти. Ал үйүн карай басканда артынан ээрчип барсам үйүнө кирип кетти. Артынан мен кирдим, менин артымдан тагам ээрчип келе жаткан. Мен Нармат менен үйүнүн короосунда сүйлөшүп турганда тагам колунда темир арматура кармап алыптыр, аны менен Нарматты 1 жолу уруп жиберди. Анан Нармат үйүнө кирип колуна бир бычакты кармап келип, таякемди көкүрөккө сайып жиберди. Анан бычагы менен мени саям дегенде колум менен тосо калсам сол колума тийди. Ошондо сыртка качып чыгып, коркуп шок болуп көчөдө нары-бери басып, дүкөнгө барып телефон сурасам алар бербей коюшту. Эмне кылышты билбей ары-бери басып сыртта турганымда Нармат болсо Токтобек тагамды сыртка алып чыгып, тротуарга жаткырып коюп дарбазасынын ичине кирип кетти. Мен тагамдын жаткан жерине барып караганымда көкүрөгүнөн кан агып жаткан экен. Канды колум менен басып токтотууга аракет кылдым. Анан ал жерге тез жардам, милициялар келишти.

Соттун өкүмү:

Сот маалыматтарды алгандан кийин Нарматты Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен айыптуу деп тапты. Ага 110 миң сом айып салынып, 10 жылга эркиндигинен ажыратылды. Ага катар эле Жеңиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндөгү КРнын мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктуна ылайык ага дайындалган эркиндигинен ажыратуу жазасынын өтөлбөгөн бөлүгү төрттөн бирине кыскартылды. Бөгөт коюу чарасы өзгөртүүсүз камактагы бойдон калтырылды.

Окуя жөнүндө:

Буга чейин 2019-жылдын 3-августунда Баткен шаарынын борбордук базарында 1 адам бычакталып каза болгону кабарланган болчу.

Маалыматка караганда, Баткен шаарынын тургуну Баткен шаарынын Кызыл-Бел кварталынын жашоочусун бычактап салган. Ал алган жаракатынан улам каза болгон.

Кийинчерээк Баткен ОИИБ окуя 14:10 чамасында болгонун билдирген. Баткен шаарынын борбордук базары тарапта үйдүн дарбазасынын сыртында киши колдуу болуп өлгөн Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын 1941-жылы туулган Т.С.нын жансыз денеси табылган. Кылмышка шектелип аталган үйдүн 1970-жылы туулган жашоочусу А.Н. кармалган.

Turmush.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер