Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сабаганың эч нерсе эмес, “балаңа ата болуп берем” деп алдаганың үчүн арызды албайм...

Сабаганың эч нерсе эмес, “балаңа ата болуп берем” деп алдаганың үчүн арызды албайм...

06-апрель, 09:00
1 203 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сени жолуктурган тагдырыма ыраазы болгонума азыр өкүнүп отурам. Мен сени аябай сүйгөм. Биринчи турмушумдан жаралган балам менин бүтүндөй жашоом экенин айтканымда, ата болуп берериңди билдиргенсиң. Ошол сөз мага өзгөчө таасир калтырып, бирок ага карабай, сени сынап да көрдүм. Баламды алгачкы жолу көргөнүңдө кучагыңа кысып, аны менен бат эле дос болуп кеттиң эле. Мен “түбөлүк бактымды таптым” деп ойлогом. 

Колумду сурап, алып кеттиң. Эки жумадан кийин баламды алып келдик. Ага кылган алгачкы 6-7 айдагы жакшылыктарыңды, мээримиңди адилеттүүлүк үчүн унутпайм. Бирок, андан кийин эмне кылдың? Сени ата катары кабыл алып калган наристени алгачкы жолу урганыңда, жүрөгүм тилингенине карабай өзүмдү жооткоттум эле. Баардык эле ата-энелер балдарын анча-мынча какыс-кукус кылып тарбиялап жүрүшпөйбү деген ойго алдандым. Бирок, тилекке каршы, сеники токтогон жок. Мен жокто денесин көгала кылып сабаганыңдагы абалымды азыр эстегим келбейт. Эки айда алты жолу сабадың. Же мен, же бала сага жамандык кылбаса... Бир учурдагы сылык, күйүмдүү, көзүмдүн карегин карап турган түгөйүм ушунчалык өзгөргөнүңө таңгалдым. Мындай сапаттарыңды баласыз жашаган алты айда көрсөтсөң кана? Жок дегенде ал сени ата катары кабыл ала электе билгизип, мага да, ага да үмүт бербесең кана? Сени сүйүп, жакаңды кирдетпей карап, колумдан келгендин баарын кылдым. Муну балам жаныбызга келе электе да жасачумун. Наристени акыркы жолу мас болуп келип төпөштөгөнүң – биздин эми жолубуз бир эмес экенин билдирди. 

Азыр мен баламдын чүнчүгөн көздөрүн көрүп, кечирим сурап отурам. Бактылуу балалыкты тартуулай албаганыма өкүндүм. Балага кордук көрсөткөнүң үчүн милицияда отурасың. Арызды кайтарып албайм. Сабаганың үчүн эмес, “балаңа ата болуп берем” деп алдап, сөзүңө турбаганың үчүн! Балага үмүт берип, бирок кийин “атаң эмесмин” деген сөзүң үчүн! Азыр мен экөөбүздүн ортобузда бала жаралбаганына кубанып отурам. Эгер наристебиз төрөлсө, өгөй балаң мындан да катуу кор болорун элестетип турам. А мен баламды таштабайм. Ал үчүн баарын кылам!


Гүлнара 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер