Үрөй учат, 19 жаштагы кыз ажатканага ымыркайын таштаган
Сокулук райондук соту 19 жаштагы кызды 133-берененин (эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүшү) негизинде күнөөлүү деп тапты. Ал 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, бирок Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына жана Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыстын негизинде жаза өтөөдөн бошотулду. Бул тууралуу Чүй облустук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя Сокулук районунун Ново-Павловка айылында 2019-жылдын 20-октябрында болгон. Тергөөнүн версиясы боюнча кыз өзүнүн курсагындагы баласын боюнан түшүрүү үчүн дарыларды ичип, андан кийин төрөп, баласын таежесинин үйүндөгү ажатканага таштап кеткен. Ымыркай ажатканадан чыгарылып, Сокулук районунун аймактык ооруканасына жеткирилген, бирок ал ооруканадан чарчап калган. Соттук териштирүүдө айыпталуучу күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.