УКМК: “Пара берип жаткан жеринен “Юг-Спецавтоматика” ЖЧКсынын директору К.Т.И. кармалды”
Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Жалал-Абад облусундагы капиталдык курулуш дирекциясынын жооптуу кызматкерлери подрядчы уюм менен Сузак районунун Талаа-Булак айылындагы А.Матиев атындагы №76 орто мектептин курулушунда курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүнүн баасын жогорулатуу боюнча өз ара сүйлөшүп алышы мүмкүн болгон фактысы аныкталды.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө “Юг-Спецавтоматика” ЖЧКнын аткарылган иштердин актылары менен аталган мектепти кабыл алуу документтеринде айырмачылыктар аныкталган. Аталган кылмыш иши боюнча аудитордук текшерүү дайындалып, алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 4 миллион 912 миң 888 сом зыян келтирилгени аныкталган.
“Юг-Спецавтоматика” ЖЧКнын директору К.Т.И. УКМКнын кызматкерине бааларды макулдашуу маселесинде «оң жагына чечүү» үчүн 2000 АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуштап, берип жаткан жеринен кармалды.
2021-жылдын 2-ноябрында "Юг-Спецавтоматика" ЖЧКсынын директору К.Т.И. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 328-беренесинин 2-бөлүмү боюнча кылмышка шектүү делип, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, Жалал-Абад ОИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тийешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.