Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өз кызы менен жыныстык катнашта болгон ата намаз окучу

Өз кызы менен жыныстык катнашта болгон ата намаз окучу

19-октябрь, 17:41
1 990 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүндө үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча жыйын өттү. Анда мектепке жоолук салынып барган кыздар тууралуу дагы сөз болду.

Кабак айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Айымкан Шорукова мектепке жоолук салынып барган кыздар көп экенин, алардын жүзү толук көрүнбөй турганын айтат.

«Мектептерде жоолук салынган кыздар көп. Алардын жүзүн жакшы көрө албайбыз. Көбү жоолукту чүмкөнө салынып жүрүшөт. Жапжаш эле кыздар мектепте жоолук салынганы кандай болот?» дейт Шорукова.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Насыбалы уулу бул көйгөй ар бир мектепте бар экенин билдирди.

«Ар бир мектептин уставында мектеп формасы бекитилген. Бирок учурда жоолукту салынуу боюнча окуучулардын укугун коргогон топтор бар. Алар биздин Башмыйзамды негиз кылып, тоскоолдук жаратып келишет. Жоолук маселеси боюнча мугалимдер өздөрү иш алып барышы керек» дейт Насыбалы уулу.

Акимдин орун басары Фатима Өмүралиева Жумгалдагы үрөй учурган акыркы окуяга токтолуп, кызы менен жыныстык катнашта болгон ата намаз окуп, ал эми жабырлануучу жоолук салынып жүргөнүн билдирди. 

Буга чейин Жумгал РИИБнин башчысынын орун басары Р.Ж. билдирме менен кайрылган. Анда Жумгал районунун тургуну, 1967-жылы туулган С.Т. узак мезгилден бери 2008-жылы туулган кызы Т.Р.ны мажбурлап жыныстык катнашта болуп жүргөнү боюнча маалымат алынганы айтылып, маалыматты толук кандуу текшерип, мыйзам чегинде чечим кабыл алууну сураган.

«Бул факт ушул жылы 21-сентябрда Жумгал РИИБнин электрондук каттоосуна алынган. Текшерүүнүн жүрүшүндө С.Т. 2010-жылы 1967-жылы туулган жубайы Ш.Э.ни өлтүргөнү боюнча сот жообуна тартылып, 2018-жылы жазасын өтөп чыкканы аныкталды. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында шектүү суракка алынды. Анын көрсөтмөсү боюнча, ал кызы менен 2021-жылдын июль айында бир жолу жыныстык катнашта болгон. Буга чейин сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттерди жасаган. Ал эми өспүрүм Т.Р. атасы менен эки жылдан бери жыныстык катнашта болуп келгенин билдирген» деп айтылган милициянын маалыматында.

Шектүү Жумгал райондук сотунун токтому менен эки айга, тактап айтканда, 21-ноябрга чейин камакка алынды. Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

“Турмуш кж”
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер