Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күйөөңүздүн алтын адам экенинин жети белгиси

Күйөөңүздүн алтын адам экенинин жети белгиси

18-ноябрь, 20:18
2 744 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сиздин жолдошуңуз идеалдуу адам экенин кантип билсеңиз болот? 

Психологдор сизге күйөө эле эмес тагдырдын чыныгы белеги туш келгенин төмөнкү кулк-мүнөз, жүрүм-турумдардан билсеңиз болот деп эсептешет. 

Сиз кандай болсоңуз дал ошондой кабыл алып сүйөт

Жолдошуңуз сизди өзгөртүүгө, өзүнүн талабындагыдай кылууга жан үрөбөйт. Ал сизди кымбат кийим жана сонун макияж менен да, эртең менен уйпаланып турган келбетиңиз менен да жакшы көрөт. Ал сизди эски халатты кийип алып ашканада күйпөлөңдөп жүргөн кезде да мээрим толгон, сүйүү толгон көз караш менен карайт.

Жандүйнөңүздө эмне болуп жатканын билет

Өзүнүн аялын чындап сүйгөн эркек жубайынын жандүйнөсүндөгү сезимдери менен да эсептеше билет. Жумушуңузда жаман жагдайлар болуп жатканын, бир жериңиз ооруп жатканы менен анын кабары бар. Бул учурда жөн калбай сизди колдоого алып, көмөк берет.

Тамак-аштан кемчил болбошуңузга кам көрөт

Алтургай, күйөөңүз кымбат баалуу белектерди, гүлдөрдү акыркы ирет беш жыл мурда берсе да, күн сайын мактоого алып турбаса да, тамак-аш жагынан кемчил кылбаганга аракет кылып жатса, ал сизди сүйөрүнүн дагы бир белгиси. Аялын сыйлаган эркектер аны ачка болбосун деп камкордукка алып, “жумуштан тамак ичип алдыңбы?” деп сурап турат. Анткени эркектердин көбү жашоодо практик болушат, айды-күндү алып берип, гүл сунам деп отургандан көрө, аялынын курсагын тойгузар тамак алып берсе, же үйгө азык-түлүк көтөрүп келсе, ошондо өзүн чыныгы мырза сезет.

Атам жардам берет

Үй-бүлөсүн сыйлаган эркек маал-маалы менен аялына колкабыш кылып, балдар менен сейилге чыгып, же аялы сулуулук салонуна кеткенде баланы багып турат.

Баарына жардам берет

Эркектер үй иштерин жасабаганы белгилүү. Бирок сиздин жолдошуңуз сиз бошобой калган учурда килем, шырдак күбүп, идиш-аяк жууп жана башка тиричилик жумуштарына колкабыш кылгандан тартынбаса, анда эле алтын күйөөгө туш болуптурмун деп кубана бериңиз жана андай күйөөнү барктаңыз!

Чатак маалында унчукпай кутулат

Ар бир үйдө казан-аяк кагышпайт койбойт. Катуу чатак маалында дагы ал сизди акырын кучактап, “баары сен айткандай болот, алтыным” деп койсо, анда андан өткөн алтын киши жок деп эсептей бериңиз.

Эч качан ала жипти аттабайт

Балким сиздин күйөөңүздө жогорудагы сапаттардын бири дагы жок болуп, бирок сизди сыйлап никеде адал жүрсө, “экөөбүз бул дүйнөдө тең карып, тең арысак” деген оюн бекемдеп жүрсө, бул сапаты баарынан жогору. Андай болсо айланаңызга караңыз, сизге чыны менен эле алтын күйөө туш болуптур!


beles.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер