Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акылман акелердин үкөсү

Акылман акелердин үкөсү

01-март, 12:29
758 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмер, белгилүү окумуштуу-саясатчы жана педагог Жумагул Сааданбеков жакында 80 жашка чыгат. Ошого карата биз саясый илимдердин доктору, профессор Жолборс Жоробековдун “Акелердин үкөсү” деген материалын айрым кыскартуулар менен менен окурмандарга сунуштайбыз. 

Жумагул Сааданбековду мен алгач өткөн кылымдын жетимишинчи жылдарында азыркы улуттук университеттин ошол кездеги философия кафедрасында иштеген кезинен тарта билем. Кийин заман өзгөрүп, кыргыздын соңку жаңы тарыхына “Легендарлуу парламент деген ат менен кирген парламентте демократияга бет бурган чоң топ депутаттардын арасында Жумагул Сааданбеков өзүнүн омоктуу ойлору менен саясатка жаңыдан кызыга баштаган биздин эсибизде калды. 

Мен бул жерде Жумагул Сааданбековдун көп жылдык партиялыксоветтик, мамлекеттик, чарбалык, коомдук ишмердүүлүгү жөнүндө эмес, мага жакын, мен билген илим жаатындагы ишмердиги боюнча баамдаганымды ортого салайын. Анткени, Жумагул Сааданбековдун СССРдин убагындагы партиялык, советтик кызматы, эгемендик жылдардагы губернаторлук, андан кийинчерээк атайын ыйгарым укуктуу элчилик кызматы, деги эле байсалдуу басып өткөн узун жолу өзүнчө жана өзгөчө сөз кылууга арзыйт. 

Табиятынан дээринде бар, аналитикалык ой туюму зирек адам, өзү катышып күбө болгон, көбүнчө өзү аралашкан, Кыргызстанды демократиялаштыруунун башатында турган инсан катарында классикалык саясат таануу илиминдеги жолдон башкараак да жол бар экендигин “Сумерки авторитаризма: закат или рассвет? (Авторитаризмдин иңири: таңыбы же күүгүмүбү?) деген китебинде таасын көрсөтөт. 

Соңку жаңы тарыхыбызда айрыкча саясат таануу илиминде саясый процесстерди изилдөөдө жалаң эле гуманитардык илимдерди изилдеген “кабинеттик окумуштууларга” караганда, саясаттын ичинде болуп, ошол мамлекеттик тагдыр чечер маселелерге тике аралашкан практик инсандардын теориялык дараметтерине жараша илимий макалаларды, монографияларды жазып, окумуштуулук даражаларды коргошу жакшы көрүнүш да. Бул категориядагы окумуштуулардын көч башында саясат таануудан докторлук диссертациясын коргогон Жумагул Сааданбеков турат. 

Жумагул Сааданбеков советтик, мамлекеттик партиялык кызматка кетерден мурда эле советтик идеологиянын гүлдөп турган убагында (1974-ж.) "Айыл интеллигенциясынын өзгөчө ордун жана коомдун өсүп-өнүгүүсүндөгү ролун” таасын көрсөткөн. Ошол китептеги айрым ойлор азыр да өз актуалдуулугун жогото элек. Кийин замандар өзгөрдү, системалар алмашты, формациялар оошту дегендей, биз болжолдой албаган окуялар жүз берди. Бул процесстер коомду изилдеген окумуштуулардын астына жаңы чакырыктарды жана маселелерди койду. Ошолордун бири биз жогоруда сөз кылган "Авторитаризмдин иңиринен" башка Ж.Сааданбековдун "Чыгыштагы авторитаризм жана демократия" (2003-ж.) деген монографиясы КМШ мамлекеттеринин окумуштуулары арасында чоң кызыгууну туудурган. Убагында мен да бул монография туурасында жергиликтүү басылмалардын бирине пикиримди айткам. 

Жумагул Сааданбеков ушул монографиясынын негизинде Алма-Ата мамлекеттик университетинде докторлук диссертациясын коргогон. Мен ушул кеңештин мүчөсү элем. Эсимде, Казакстандын көрүнүктүү саясат изилдөөчүлөрү, окумуштуулары, ал гана эмес парламент мүчөлөрүнүн катышуусу менен өтө кызуу талкуу болгон. Ошондо диссертанттын теориялык жана практикалык даярдыгына жана эрудициясына баардыгыбыз күбө болгонбуз. 

Кийинчерээк Ж.Сааданбеков "Нурсултан Назарбаев: лидерликтин мыйзамы ("Нурсултан Назарбаев: законы лидерства - (2005) деген фундаменталдуу эмгегинде бир эле Назарбаевге эле тийешелүү лидерликтин касиетин эмес, жалпы эле улут лидери кандай болот, кандай жана кайсы тарыхый кырдаалда пайда болот, кайсы сапаттар болушу керек (?) дегендей маселелердин тегерегинде тарыхый экскурс жасайт. 

Ж.Сааданбековдун чоң-чоң ат көтөргүс монографиялары эле эмес, мезгилдүү басма сөздөгү коомду демократиялаштыруу Кыргызстандын шартында кандай өнүгүп-өсүп жаткандыгын, анын кандай өзгөчө, регионалдык айырмачылыктары бар экендигин, алардагы ири проблемаларды ортого салып, окумуштуулардын арасында кызуу талкууларды жаратып келет. Анын акыркы эле "Кыргызстандын демократиядагы ийри-буйру жолу" деген интернет сайттардын бириндеги макаласы буга күбө болот. Автордун айтымында, Америка баш болгон либералдык Батыш ("принудительной демократизации") "зордуктоо менен демократиялаштыруу" саясатын жүргүзүшүүдө. Бул деген либералдык демократия системасын орнотобуз деп суверендүү мамлекеттердин мыйзамдуу укуктарын чектөөнүн комплекстүү чараларын көрүп жатышат. Айталы, кайсы бир мамлекетке дипломатиялык басым жасоо, санкцияларды киргизүү, "гуманитардык" интервенция, ички оппозицияны колдоо, эл аралык изоляцияга кабылуу ж.б. Бүгүнкү күндө көптөгөн мамлекеттерде либералдык демократияга жетиш үчүн материалдык жана менталдык руханий деңгээлдери жете элек болсо, классикалык демократиянын принциптерин кабыл алууга даяр эмес болсо, саясый жана экономикалык жактан зордуктоо жолу менен мындай тездетилген демократиянын кимге кереги бар? 

Бүгүнкү күндүн саясый практикасында мындай иллюзиялуу демократия өтө калпыс жана коркунучтуу көрүнүш болорун автор эскертет да, “бул эмне, өткөн кылымдын 30-жылдарындагы Европабы же жаңыча орто кылымбы?” деп собол таштайт. 

Жумагул Сааданбеков Кыргызстандагы демократиянын өйдө-ылдыйын анализдеп, парламенттик республикада анын негизин конституциялык либерализм түзөрүн белгилейт. 

Мына карап көрүңүздөр, эгерде конституциялык либерализмдин фундаменти бекем болсо, демократиясыз эле (шайлоолорсуз) коом өсүп-өнүгө берет (Сингапур). Ал эми бизде шайлоо – демократиянын жеткен жери деп билебиз. Мына, акимдерди, айыл өкмөттөрүн, ректорлорду, директорлорду шайлоо айрым учурларда "жүгөнсүз" демократиянын кесепетинен анекдотко айланып кетүүдө. Бул жагынан алып караганда, Ж.Сааданбеков демократиянын бизде түптөлүшү, өсүп-өнүгүшү үчүн белгилүү бир мөөнөт керектигин, Англиянын XVII кылымдан ХХI кылымга чейинки либералдык демократиясын көздөн өткөрөт. Ал эми биз өткөн кылымдын 90-жылдарынан баштап демократиянын агымы катуу дайрасында демократиядан эч кандай түшүнүгүбүз жок эле, эч кандай конституциялык либерализм жөнүндө анын алиппесин билбей эле бой уруп кеттик. Ошондуктан, Жумагул Сааданбековдун логикасы боюнча биздин менталдык, традициялык коомдо классикалык демократиянын принциптери менен дүйнөлүк тажрыйбада топтолгон ойлордун бизде, Кыргызстандын кыртышына сиңе турганын таап, ошону өнүктүрүүбүз керек. 

Мен Жумагул Сааданбековдун ар бир жазган макала же монографиясы болобу, аны сөзсүз кунт коюп окуп, ага өзүмдүн пикиримди билдирип келем. Бирок, ошолордун арасынан өзгөчө саресеп салууга арзыганы "Чыңгыз Айтматовдун философиясы” (“Философия Чынгыза Айтматова” - Бишкек: 2013) деген китеби. Мында автор Ч.Айтматов доорубуздун чыгаан ойчулу, сүрөткер гана эмес, улуу философу экендигин да таасын ачып көрсөткөн. Бул жөнүндө мезгилинде басма сөздө да сынчылардын бийик баасын алган. 

Жумагул Сааданбеков Батыштын философтору Гегель, Кант, Маркс, орустун ойчулдары Бердяев, Чаадаев, Соловьев, анан өзүбүздүн эле акылмандарыбыз Арстанбек, Молдо Кылыч ж.б. баш кылып, алардын философиялык айткан-дегендерин анализден өткөрүп, жуурулуштуруп, Айтматовдун руханий-философиялык феноменин ачып берет.

Албетте, мурдатан эле Айтматовдун феноменине кызыгып, Гачевтин, К.Асаналиевдин, К.Бобуловдун айткан-дегендеринен, жазгандарынан Айтматовдун өзүн инсан катары жана ал жараткан образдарды окуп түшүнсөк, бу жолу Ж.Сааданбековдун эмгегинде дагы башкачараак жагдайда, башкачараак өңүтүнөн Айтматовду тааныйсың. Мисалы, Ж.Сааданбеков "Канткенде адам күн сайын адам болот?" деген Айтматовдун өзөктүү оюн Танабайдын, Эдигейдин образдары аркылуу дагы эле классик философтордун айткан, жазган ойлорун жуурулуштуруп, "керектүү жерде, керектүү мезгилде" өз ыгы менен пайдаланып, илимий айлампага алып кирип, Айтматовдун планетардык масштабдагы ойчул экендигин тастыктап, анын түбөлүктүү философиясын ачып көрсөтөт. 

Жумагул Сааданбековдун бул эмгегинде сүйүү жана үй-бүлө маселесин, рынок менен демократия заманында улуттук турмуштун трагедиясын, “Айтматовдун планетардык ой жүргүзүүсү жана биз” деген бөлүмдөрүндө өтө дыкаттык менен классикалык гуманитардык илимдин методикасы менен изилдейт. Автор Айтматовдун Айтматов болуп калыптанышын изилдеген ою да окуучуларга кызыгууну туудурат. Болбосо биздей эле техникумдан, анан жогорку жайдан окуду, Москвадан адабият институтунан окуусун улантты. Дээрлик көпчүлүк эле жазуучулар ушундай эле жол менен келишти да, анан кантип эле Айтматов азыркы деңгээлге көтөрүлдү? 

Эми биз Ж.Сааданбековдун жазгандарын кайсы тарабынан карабайлы, ал киши кайсы теманы албасын, кайсы темада жазбасын, майын чыгара иштегени менен айырмаланат. Өзү жөнүндө жазган “Менин турмушум” (“Моя жизнь”. 2010) деген эмгегинде да эч бир кошумча-алымчасы жок кийинки муундарга сабак боло турган өзүнүн баскан жолун баяндайт. Жөндөн-жөн эле кургак сөз менен мемуардык типте болсо, ал жөнүндө сөз кылбай койсок деле болмок, бирок, Ж.Сааданбековдун ички дарамети, интеллектуалдык көрөңгөсү анда өтө эле жунуну болуп калмак. Ошондуктан, аталган эмгекте Кыргызстандын эгемендүүлүккө бет бурушунда, улуттун кайра жаралышында, анын демократияга багыт алышында Ж.Сааданбеков алдыңкы катарда болуп Т.Усубалиев, А.Масалиев, А.Акаев жана К.Бакиевдер менен бирге иштешип, “эмнеден жаңылдык, эмнеден уттук, эми кандай жашоо керек?” деген ойлорун бул процесстин катышуучусу катары сергек баасын бериши менен да баалуу.  

Кийинки кездерде Жумагул Сааданбеков өтө жемиштүү иштеди. Айталы, Мамбет Мамакеев жөнүндө “Патриарх Кыргызской медицины” (Б., 2017. 393 бет. 25 п.л.), “Турдакун Усубалиев – лидер нации”( Б. 2019. 366 бет 24п.л.) деген эки ат көтөргүс китептерди жарыкка чыгарды. Бул эки китепти да биздин соңку жаңы тарыхыбыздын бир көрүнүшү катарында кароо керек. Айрыкча Т.Усубалиев жөнүндөгү китепте И.Раззаковдун мезгилин туура чагылдырганы менен акыйкаттыктан тайган эмес. Эми бул эмгектер боюнча дагы өзүнчө сөз болор.

Аягында учкай айтарым, Жумагул Сааданбековдун бүгүн-эртең колубузга тийгени турган “Манастын философиясы” деген жаңы эмгеги менин оюмча Манас таануу илиминде өзгөчө жаңылык болот деп ойлойм. Мындай эмгекти Кудайдан берилген дарамет-дасмиясы бар адам эле жарата алат – калганын окуучулар өздөрү баалар. 

Эми сөздүн аягында, Кыргызстандын коомдук турмушуна терең из калтырган Жумагул Сааданбековдун 80 жылдык юбилейи алдында биздин жетекчилик да юбилярга чыныгы баасын берет го (?) деп ойлойбуз, же баатырдыкты алыш үчүн сөзсүз эле бул дүйнөдөн өтүп кетиш керекпи?..

Урматтуу Жумагул Сааданбекович! Сиз бүгүнкү күндө акыл-эсиңиз толуп, тажрыйбаңыз ашып-ташып турат. Биз билгенден сизде пландар көп, алдыда толгон-токой идеяларыңыз фонтандай оргуштап, күрдөөлдүү күздөгүдөй күркүрөп иштеп жаткан кезиңиз. Ушул дымагыңыздан жазбаңыз, акылман акелердин үкөсү! 


Жолборс Жоробеков, саясат таануу илиминин доктору 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер